Эмне үчүн эртең менен жыныс мүчө тик туруп калат? Бул кандайдыр бир көйгөйдүн белгисиби? Кененирээк төмөнкү макаладан окуй аласыз. Бул эмнени билдирет? Эртең мененки эрекция же эртең менен жыныс мүчөнүн тик туруп калышы көптөгөн эркектер үчүн кадыресе көрүнүш болуп саналат. Мезгил-мезгили менен ар бир киши эрекция менен ойгонот. Бул абал бардык курактагы эркектерге тиешелүү болгону менен, жаш жигиттерде көбүрөөк кездешет. Көптөгөн адамдар эртең мененки эрекция сексуалдык стимуляциянын белгиси деп эсептешет, бирок дайыма эле андай эмес. Себеби эмнеде? Эртең менен жыныс мүчөнүн тик туруп калуусунун себептери көп. Дарыгерлерде эмне үчүн кээде эркектер эрекция менен ойгоноорун түшүнүүгө жардам берген бир нече теориялар бар, бирок бул теориялардын эч бирөөсү конкреттүү медициналык көрсөтмөлөр менен далилденген эмес. Мисалы, эртең менен жыныс мүчө туруп калат: Физикалык стимуляцияда Көзүңүз жабык болсо да, дене айланасында эмне болуп жатканын жакшы билет. Сиз же өнөктөшүңүз кокусунан жыныс