АКШнын Техас штатына караштуу Гровтон шаарында жаран үйлөнүү үлпөт тоюнун астында сүйүктүүсүнө нике шакек сатып берүү үчүн шаардагы банктардын бирин тоногон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Окуя болгон күнү Хит Эдвард Бампус аттуу жаран банкка куралчан кирип, банктын кызматкерлерин коркутуу менен накталай акча талап кылган. Анын айтымында, банкка каракчылык кылууга кийинки күнү өтө турган үйлөнүү үлпөт тою себеп болгон.
Сүйүктүүсүнө нике шакек сатып берүү үчүн акча жетпей жаткандыгын айткан. Полициянын айтымында, банкты тоногондон кийин кийимин жана куралын ыргытып жиберген. Көп өтпөй полиция кызматкерлери шектүүгө тийиштүү болгон буюмдарды жана тапанчаны табышкан. Видео көзөмөлгө түшүп калган Хит Эдвард Бампустун сүрөтүн Фейсбуктагы расмий баракчага жарыялашкан.
Бампустун сүйүктүүсү сүрөттү көрүп, анын полицияга багынып берүүсүн суранган. Киши күнөөсүн моюнуна алып, полицияга багынып берген. Полициянын айтымында, ал акчанын көпчүлүк бөлүгүн кайтарып берген. Бампус соттун чечими чыкканча убактылуу кармоочу жайга киргизилген.