Найти в Дзене
KG Media

Тамашасы жок! Кайрат Кыргыз парламенттик шайлоого катышат

Кайрат Кыргыз деген бир "көп кырдуу", опурталдуу талант бар биздин шоу бизнесте. Эмне жөнүндө ырдайт, ырынын мааниси эмнеде экенин эч ким деле түшүнө бербейт. Эми ошол жигит келээрки парламенттик шайлоого катышмай болуптур. Жада калса бир нече саясий партиядан дагы сунуш түшкөн имиш. Биздин саясий элитанын деңгээлин эске алганда ага таң калып деле кереги жок. Таң калычтуусу ал азыр ошол партиялардын арасынан тандоо жүргүзүп, башы маң болуп жаткан экен.  

- Мен ушул адамга же ушул партияга добушуңарды бергиле деп үндөбөйм. Тамашасы жок, мен парламенттик шайлоого катышам. Ал эми кайсыл партия менен шайлоого аттанам, аны жакында билесиңер – дейт ал.

Азыркы Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында мурдагы зектер, криминал, баш кесерлер, бизнесмен, клоундардан куралганын эске алганда “сен эле жетишпей жаттың эле” – дегиң келет экен.

БИЗГЕ ПОДПИСАТЬСЯ БОЛУНУЗДАР !!!

Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65

Булак: NazarNews.kg