Өмүрү спирт тармагында иштеп келген, килейген фракцияны жетектеген депутат Баатырбеков Москвага кыргыз “элитасынын” жогорку “үлгүсүн” көрсөтүп келди! Салык кызматынын, өндүрүштү кайрадан иштетүү тармагынын отличниги, салык кызматынын 3-класстагы кеңешчиси, Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери... Түй ата, санай берсек мындан өткөн элита инсан жоктой көрүнөт экен. Депутаттыкка чейин салык кызматтарында, андан кийин жалаң спирт тармагында иштеп келген депутат Алмазбек Баатырбековдун футболдук стадиондо көрүүчүлөр олтурчу олтургучка бутун коюп, камерага “зор!” деген мааниде баш бармагын чыкыйта чыгарып түшкөн сүрөтү интернет колдонуучулар тарабынан сынга кабылды. Сүрөт өткөн аптанын дем алыш күндөрү Москвадагы стадиондордун биринде тартылган. Соцтармактарда тараган маалыматтарга ылайык, кыргыз парламентинин депутаттары бюджеттин эсебинен Москвага барып футбол ойноп келишкен. Бул оюн тууралуу Жогорку Кеңештин пресс-кызматы негедир маалымат тараткан жок. Бирок, айрым интернет