Премьер-министрдин бир тууган жээни, Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрү пландагыдан 5 пайыз кем аткарылган. Соцфонддун өткөн жылдагы жалпы кирешеси 51 млрд 13 млн 750 миӊ сомду түзгөн, бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 104,3 пайызга көп. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү план боюнча 30 млрд 800 млн 305 миӊ сом болсо, иш жүзүндө 30 млрд 642 млн 143 миӊ сом көлөмүндө каражат түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде “КР Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду. Ошондой эле, Соцфонддун 2018-жылдагы жалпы чыгымы 50 млрд 309 млн 666 миӊ сомду түздү. Анын ичинде: - Пенсиондук фонддун чыгымы – 46 млрд 96 млн 37 миӊ сом; - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымы – 2 млрд 328 млн 445 миӊ сом; - Эмгекчилердин саламаттыгын чыӊдоо фондунун чыгымы - 288 млн 839 миӊ сом; - Мамлекеттик пенсиянын топтомо фондунун чыгымы
651 миӊ пенсионер бар, Соцфонддун камсыздандыруу төгүмдөрү пландагыдан 5 пайызга кем аткарылды
21 октября 201921 окт 2019
4
1 мин