Журналисттер өз ишмердигинде бир топ татаалдыктарга туш болушат. Ош областында эмгектенген бир катар ЖМК кызматкерлери журналисттин ишмердигиндеги укуктук маселелер жөнүндө баяндап беришти. «T-Media Group» компаниясынын журналисти Маратбек Акимбек уулу журналисттер көбүнчө мамлекеттик органдардан маалымат алууда көйгөйлөр болорун белгиледи: «Негизи, жашыруун маалымат, мамлекеттик сыр деген эмне экенин жакшы билбегенден журналисттер аксайт. Себеби, мамлекеттик органдардан маалымат сураган учурда жөнөкөй маалыматтарды да: «Бул мамлекеттик сыр, бул маалымат чыкпашы керек», – деп бербей койгон учурлар болот. Ошондой учурларда кандай кылуу керек, эмне иш-аракет кылуу керек, менимче, ушул нерсе көпчүлүк журналисттерди түйшөлтсө керек», – деди М.Акимбек уулу. Ошондой эле Маратбек Акимбек уулу жаш журналисттердин кесипкөйлүк тажрыйбасынын аздыгын да айтып өттү: «Жаӊыдан журналистикага аралаша баштагандарда журналисттин этикалык кодексин окубаган жаш адистер да бар. Эмнени чагылдыруу керек, ка