Эмне себептен саясий кайдыгерликтен алыс болуу кажет?
Кыргызстандын жарандык коому Советтер союзу таркагандан бери төмөнкү топторго бөлүндү:
🔺бийликти өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланган кадыр-барктуу жана көрүнүктүү саясий ишмерлер жана бизнесмендер;
🔺бийликти ээлеп алган жана аны коңторгон, саясатты талкуулаган чала сабаттуу активисттер ыңкылап кыймылдарынын негизи болуп саналат;
🔺көп байкалбаган «интеллигенция», жогорку билимдүү, тийиштүү тажрыйбага жана жөндөмдөргө ээ, салыктарды төлөгөн жана саясатты көңүл бурууга арзыбайт деп эсептеген жарандар;
🔺аз билимдүү, ынтасыз, билинбеген коом.
Азыр жаңы топ пайда болду – алар билимге жана өзүнүн жарандык көз карашын билдирүүгө умтулган жаштар.
Эмне себептен жаш муун саясатка кайдыгер карай албайт жана мунун кандай мааниси бар?
Жаш муун сабатсыз жана жалпыга пайда алып келүүгө өзүн тийиштүү деп эсептебеген өкмөттүн өзүнүн түздөн-түз милдеттерин аткара албай, ошол эле учурда мамлекеттин жыргалчылыгына зыян келтирүү менен өзүнүн капчыктарын толтурууга жулкунганын көрүп чоңойду.
Эл маңдай тери жана ак эмгеги менен жан багып, өзүн-өзү бутка тургузуп келди. Өлкөбүздүн кандай тонолуп жатканын баардыгыбыз көрдүк, бирок «менин ишим эмес» деп үн каткан жокпуз.
Карасанатай кичи топтун өлкөбүздү, тагыраак айтканда бизди талап-тоноосуна коомдун интеллигенттүү көпчүлүк бөлүгү көз жумуп койгондугун жаштар көрдү. Эл саясатка болгон кайдыгерлиги менен буга жол берди.
«Саясат – өтө ыплас иш, ага аралашкым келбейт».
Аздыр-көптүр чынчыл, ой жүгүртө алган, жумушу бар жаранда «саясаттан улам жаманатты болуунун кажети жок, бул жолдон алыс болуп, такыр көңүл бурбоо керек, ошондо бакубат жашоо болот» деген пикир калыптанып калган.
Саясатка кызыгуудан жана өзүнүн жарандык көз карашын билдирүүдөн коркуу жана кекирейгендик бизде жашаган сайын чала сабаттуулар, өзүмчүлдөр, ач көздөр өлкөнү талап-тоной берет.
Алтынчы ажо – эч нерсе өзгөргөн жок, демек кеп көтөрүлүштөрдө, ажолордо эмес. Буга өзүбүз себепкер болдук.