Найти в Дзене
Проект "Умтул"

Фейк - Жалган

Фейк – Жалган. Бул жөнүндө угуп же окудуңуз беле? 1. “Беткап кийбеңиз, алар жуктурулган! Аларга алдын-ала вирус жуктурушуп эми бүт дүйнөгө жайылтууну каалашат! " 2. "Тик учак шаарды дезинфекциялагандын ордуна, вирус чачат " 3. “Фрунзе” дүкөнү 9 жылдыгынын урматына 12 миң сомдук купонду белекке берет. Кененирээк бул шилтемени караңыз " 4. KFC өз маарекесинин урматына 3000 чака ооз тийме устукандарын бекер таратат. Шилтемеге өтүңүз Жогоруда айтылгандардын бардыгы карандай калп. Фейк [фейк] - социалдык тармактарда жана салттуу маалымат каражаттарында финансылык, саясий же башка пайда табуу максатында жалган маалыматтарды, ойдон чыгарылган жаңылыктарды, атайылап жайылтуу болуп саналат. Фейк жаңылыктар көбүнесе адамдарды манипуляциялоо максатында бийлике умтулуу үчүн таркатылат. Алар атайылап бейтараптуулукка негизделгендиктен анык жаңылыктардан айырмалоо кыйынга турат. Фейк жаңылыктарга ишенүүнүн кесепеттери ар кандай болушу мүмкүн: 1. Вирус жуккан беткап жөнүндө имиштерге ишенген адам ал

Фейк – Жалган.

Бул жөнүндө угуп же окудуңуз беле?

1. “Беткап кийбеңиз, алар жуктурулган! Аларга алдын-ала вирус жуктурушуп эми бүт дүйнөгө жайылтууну каалашат! "

2. "Тик учак шаарды дезинфекциялагандын ордуна, вирус чачат "

3. “Фрунзе” дүкөнү 9 жылдыгынын урматына 12 миң сомдук купонду белекке берет. Кененирээк бул шилтемени караңыз "

4. KFC өз маарекесинин урматына 3000 чака ооз тийме устукандарын бекер таратат. Шилтемеге өтүңүз Жогоруда айтылгандардын бардыгы карандай калп.

Фейк [фейк] - социалдык тармактарда жана салттуу маалымат каражаттарында финансылык, саясий же башка пайда табуу максатында жалган маалыматтарды, ойдон чыгарылган жаңылыктарды, атайылап жайылтуу болуп саналат.

Фейк жаңылыктар көбүнесе адамдарды манипуляциялоо максатында бийлике умтулуу үчүн таркатылат. Алар атайылап бейтараптуулукка негизделгендиктен анык жаңылыктардан айырмалоо кыйынга турат.

Фейк жаңылыктарга ишенүүнүн кесепеттери ар кандай болушу мүмкүн:

1. Вирус жуккан беткап жөнүндө имиштерге ишенген адам аларды кийбей калат жана ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогору болот.

2. Жасалма шилтемелер сиздин жеке маалыматтарыңыз (телефон номери, банк картасы жана башкалар) суралган сайтка алып барат. Бул маалыматтарга ээ болуп, шылуундар сиздин картаңыздан акча чыгарып, акы төлөнүүчү кызматтарды телефон номериңизге туташтыра алышат.

Фейктен (жасалмалуулуктан) кантип коргонсо болот?

- Маалымат булагын текшериңиз: бул расмий сайтпы же жокпу, анын аталышында кандайдыр бир күмөндүү сөздөр жана белгилер барбы? (жасалма шилтемелер көбүнчө расмийлердикине өтө окшош, андыктан ар бир тамганы кылдаттык менен текшериңиз).

- Аталышын эле эмес, макаланы толугу менен окуп чыгыңыз. Көбүнчө, фейк жаңылыктарды чуулгандуу аталыш жана натыйжалуу, бирок чындыка коошпогон сүрөттөр аркылуу аныктоого болот, алар эмоцияларга таасир этүү жана акыл-эсинизди басандатуу үчүн иштелип чыккан. Ошондой эле, шектүү макалаларда көп учурда ар кандай каталарды табууга болот.

- Макаланын же жаңылыктардын автору бар жогун текшериңиз. Эгер авторду аты аталбаса анда сактанууга негиз бар.

- Тигил же бул адамдын жалган маалымат таратууга кызыкдар экендигин ойлонуп көрүңүз.

Эгер сиз Вотсаптан маалымат алган болсоңуз, анда ал жалган болушу толук мүмкүн. Шилтемелерге өтпөңүз! Жогорудагы кеңештерди эске алуу менен, маалыматты Интернеттен өз алдынча издеңиз.

Жакындарыңызды жалгандардан сактоо өтө маанилүү. Маалыматты чогуу изилдөө, талкуулоо жана ошондой эле алардын ишенимдүүлүгүн, далилдерин биргеликте издөө, пикир алмашуу зарыл. Эң башкысы, бул талкууларды түшүнбөстүкө айлантпоого аракет кылыңыз. Ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн сөзүн бөлбөй угуңуз, андан кийин өз көз карашыңызды жайбаракат билдирип коюңуз. Өзүңүздү өнүктүрүп жатканда, башкалардын дагы өнүгүүсүнө жардам бериңиз.

Өзүңүздүн критикалык ой жүгүртүүңүздү машыктырууну унутпаңыз: "Ишен бирок- текшер" деген накыл кепти такай эстеп жүрүңүз.