Биринчиси - Исламда уруксат болгон зыяраттын түрү.
1) Кабыр ээлерин зыярат кылып, сүннөтө келген дубасын айтуу:
"السَّلَامُ عَلَيْكُمْ أَهْلَ الدِّيَارِ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ، وَالْمُسْلِمِينَ، وَإِنَّا إِنْ شَاءَ اللَّهُ لَلَاحِقُونَ، أَسْأَلُ اللَّهَ لَنَا وَلَكُمُ الْعَافِيَةَ ".
"Оо ушул кабырда жаткан момундар менен мусулмандар, силерге Аллахтын тынчтыгы болсун! Аллах кааласа биз да силерге келип кошулабыз. Аллахтан өзүбүзгө да, силерге да саламаттык сурайбыз."
📚Муслим 975
Ал эми азыркы учурда кээ бир адамдар кабырга барганда же жанынан өткөндө дуба кылбай жөн гана "оомийн" деп эки колду бетке сүрүп коюшат. Албетте бул пайда бербейт. Бул адамдын дубаны билбегендиктен кылган иши. Ошол үчүн ар бир мусулман кабыр ээлерине айтылуучу дубаны билгени жакшы.
2) Кабырда жаткан атасы, апасы же башка тууганы үчүн жеке анын күнөөсүн кечиришин сурап, Аллахка дуба кылуу.
Мисал: "Оо Аллахым, баланчанын күнөөсүн кечирип, кабыр азабынан сактап, Кыяматта Тозок азабынан сактап, Бейишке киргизгин" - деп дуба кылуу.
3) Кабырга барып, күндөрдүн бир күнүндө мага да жазылган өлүм жетип, ушул кабырдагы адамдардын катарына кошулган кезде, кабырда акыбалым кандай болот деп өлүмдү, кабырдагы жашоону жана Кыяматтагы эсеп-кысапты эскерүү керек. Себеби ушул эскерүү адам баласына Аллахтан коркуп, солих амал жасап, акырет жашоосуна даярданууга чоң себеп болот.
Далил:
Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Кабырга зыярат кылгыла! Себеби ал акыретти эскертет."
📚Тирмизий 1054
Экинчиси - Кабырда кылынган бидааттын түрү.
Исламда мечитте жана башка жерлерде кылына берчү ибадаттын түрлөрүнүн бирин кабырдын алдында кылган жакшыраак деген ишеним менен кабырдын алдына барып, кабыр ээсине эмес, жалгыз Аллахка арнап, ошол жерде Аллахка ибадат кылышат. Бул сүннөткө каршы келип, шариятта бидаат болуп эсептелет. Ал кабыр кимдин гана кабыры болбосун, мейли ал пайгамбардын, олуянын, солих адамдын же карапайым адамдын кабыры болбосун, айрымасы жок. Бардыгы бидаат болот. Себеби Аллахтын Элчиси ﷺ кабырда ибадат кылбай, ал жерде ибадат кылуудан кайтарган.
Хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ айтат: "Үйүңөрдү кабырга айландырбагыла жана менин кабырымды жыйнала (сыйына) турган жер кылбагыла!" - деген.
📚Абу Дауд 2042 сахих.
Бул хадисте биринчиден үйүңөрдү кабырга айландырбагыла деп кайтарганы - кабырда ибадаттар кылынбайт. Ошондуктан үйүңөрдү кабырдай кылбай, үйүңөрдө ибадаттарды кылгыла деп айткан.
Экинчиден өзүнүн кабырын сыйына турган орун кылып алуудан кайтарган.
Эгер пайгамбарлардын эң жакшысы болгон өзүнүн кабырын сыйына турган жер кылуудан кайтарган болсо, анда пайгамбар болбогон башка олуя же солих адамдардын кабырына сыйынуу, ибадат кылуу мүмкүн эмес.
Ушул хадисте эки маселе бар:
Биринчиден кабырга же кабыр ээсине сыйынуудан кайтарылганбыз. Экинчиден кабырдын алдында Аллахка ибадат кылуудан кайтарылганбыз. Себеби азыр кабырдын алдында жалгыз Аллахка дуба кылып же намаз окуп, ибадат кылып, бидаатка кабылса, убакыт өтө ошол кабыр ээсине дуба кылып, чоң ширкке кабылышы толук мүмкүн. Себеби шайтан кабырга сыйынгандарды дал ушундай бидаат амалдарын кылдыруу менен кийин ширкке түшүргөн. Бул айла шайтандын чоң капканы. Шайтан бир адамды ширкке түшүрүү менен эң чоң максатын ишке ашырган болот.
Шариятта мечитте жана башка тыйылбаган жерлерде кыла турган ибадаттардын түрлөрүн кабырдын алдына барып, Аллахка ибадат кылуу - динибизде бидаат болот. Ошого мисалдар:
- кабырдын алдында Аллахка арнап намаз окуу.
- кабырдын алдында Аллахка арнап курбандык чалуу.
- кабырдын алдында Аллахка дуба кылуу.
- кабырдын алдында Аллахка арнап назыр кылуу.
- кабырга барып, ошол жердин топурагы берекелүү деп, топурагын өбүү, жыттоо, сыйпалоо же салып кетүү.
Аллахтын Элчиси ﷺ кабырдын үстүнө бир нерсе тургузуп, ага жазууну да тыйган. Мусулман кабырдын алдында кылынуучу бардык бидааттарды жана кайтарылган нерселерди таштап, алардан алыс болуусу керек.
Үчүнчүсү - Кабырдын алдында кылынган ширктин түрү
Исламда мусулман буйрулган ибадаттардын бардык түрлөрүн жалгыз Аллахка гана арноо - таухид, чоң ибадат болот. Ал эми кимде-ким ибадаттын бир түрүн эле Аллахтан башкага арнаса, шерик кошкон болот.
Сыйынган нерсеси ким жана эмне гана болбосун, ширк болуп эсептелет. Кээ бир адамдар динден сабатсыз болгондуктан "түкүнчө жерде баланча пайгамбардын кабыры бар" же "түкүнчө жерде баланча олуянын кабыры бар же баланча солих адамдын кабыры бар" дешип, ал жерлерге атайын алыстан сапар кылып барышып, Аллахтын Өзүнө арноочу ибадатты аларга арнап же Аллахтын Өзүнөн гана сурай турган нерсени ошол кабыр ээлеринен сурашат. Албетте бул чоң ширк.
Кимде-ким бул ширк менен Аллахка жолукса, Аллах аны кечирбейт.
Аллах Таала Куранда мындай деп айтат:
"Аллах Өзүнө шерик кошууну эч качан кечирбейт!"
Куран, Ниса 48.
Аллахтын Элчиси ﷺ: "Кимде-ким Аллахка бир нерсени шерик кошкон абалда жолукса, ал Тозокко кирет." - деген.
📚Муслим 152
Кабырдын алдында кылынуучу ширктин түрлөрү:
- кабыр ээсине арнап курбандык чалуу;
- кабыр ээсине арнап назыр кылуу;
- кабыр ээсине дуба кылуу. Мисалы, бала суроо, ден соолук суроо, ооруга шыпаа суроо ж.б. муктаждыктарын өлүктөн суроо;
- кабырды тауаф кылып айлануу;
- кабырга сажда кылуу.
Мусулман жогоруда мисал катары келтирилген ширктин түрлөрүнөн жана башка бардык ширктерден өтө сак болуп, ибадаттын бардык түрүн бүткүл ааламдын Раббысы жана бардык ибадатка татыктуу акылуу болгон Аллахка гана арноосу парз болот.
Аллах Таала бардык мусулмандарды кабырдын астында жана башка жерлерде Өзүнө ширк же бидаат кылып коюудан сактап, Өзүнө күчтүү ыйман жана бекем таухид менен солих амалдын үстүндө жолугууну насип кылсын!
Автор: Талас Артыкбаев
t.me/islamtaanuu