Меридүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын!
Зубайир ибн Адийден келген асарда адамдар Аллахтын элчиси ﷺ кызмат кылган Анас ибн Малике келишет. Анас ибн Малик өмүрү узун болуп, хижрийдин токсонунчу жылдарына чейн жашаган. Бул сахаба өзүнүн заманында болгон кээ бир фитналарга күбө болгон. Адамдар Анас ибн Маликке келип Хаджаж ибн Юусуфтан көргөн зулумдуктарын айтып даттанышат. Хаджаж ибн Юусуф Ас-Сакофий кезинде Бани Умайа падышалыгын бир башчысы болгон. Хаджаж ибн Юусуф адамдарга кылган зулумдугу, кан төгүүсү жана өтө таш боорлугу менен белгилүү болгон башчы эле. Жада калса бул падыша кезинде Абдуллох ибн Зубайрды өлтүрүү үчүн Мекке шаарын курчап, ошол учурдагы ок атуучу куралдар менен Каьба тарапка ок атып, Каьбанын кээ бир жерлерин талкалаганга себеп болгон.
Бул башчынын зулумдуктарына чыдабаган адамдар Анас ибн Малике даттанып келишет.
Ошондо Анас ибн Малик аларга сабыр кылгыла! - деп падышалардын кылган зулумдуктарына сабыр кылууга буйруган. Себеби кээде адамдардын кылган күнөөлөрү себептүү ар кандай заалым падышалар башчы болот.
Адамдардын кылган күнөөлөрү, зулумдугу себебинен
Аллах Таала Курандын
Аньам сүрөсүнүн 129 - аятында мындай деп айтат:
"Биз алардын жасаган күнөөлөрү себептүү, заалым болгон адамдарды бири-бирине башчы кылып койобуз".
Эгер сен падышалар адамдардын мал мүлкүнө же денелерине зулумдук кылып жатканын көрсөң, анда сен негизги балээнин баары ошол адамдардан болуп жатат деп билгин!
Себеби адамдар Аллахтын дининен бет буруп кетишти, мына ошондуктан аларга ушундай падышалар башчылык кылып баштады.
Бир асарда мындай деп айтылат:
"Силер кандай болсоңор дал ошондой падыша башчылык кылат ".
Мындан башка да Бану Умая падышалыгынын башчыларынын бири Абдул-Малик ибн Маруан өзүнүн башчылык кезинде адамдардын өзүнө нааразы экенин угуп калып көрүнүктүү адамдарды жыйнап айтат:
"Оо адамдар мен силерге Абу Бакр менен Умар падыша болгон сыяктуу падыша болушумду каалайсыңарбы?" дегенде
алар: "Ооба биз сенден дал ошондой болушуңду каалайбыз" дешет. Аларга: "Мен силерге Абу Бакр менен Умардай адилеттүү падыша болушум үчүн силерда мага Абу Бакр менен Умардын астында болгон адамдардай болгула"- деп айткан.
Ошондуктан падышалардын кылган зулумдуктары адамдардын кылган күнөөлөрү себептен болот.
Али ибн Абу Толибке хауариждерден (такфирист) болгон бир адам келип:
"О Али кезинде Абу Бакр менен Умарга элдер кыршы чыгышпаган, а эмне сага бүгүн элдер каршы чыгып жатышат?- дегенде Али мындай деген:
"Себеби Абу Бакр менен Умардын астындагы адамдар мен жана мага окшогондор болгон, ал эми менин астымдагылар сен жана сага окшогон адамдар" - деп айткан.
Мына ошондуктан Анас ибн Малик келген адамдарга "сабыр кылгыла"! деп буйруган. Ушундай абалда адамга милдет важиб болгон нерсе башчыларына сабыр кылыш керек. Себеби ар бир кыйынчылыктан кутулуу бар, эч качан жакшылык жеңил эле жол менен келип калат деп ойлобогун.
Кээде балээ адамдарга тез келип калышы мүмкүн. Ошондуктан биз сабыр кылышыбыз керек жана кыйынчылыкты шашпай данышмандык менен чечишибиз керек.
Анас ибн Малик айтат:
"Заман өткөн сайын андан кийинкиси жаман боло берет" - деп, бул сөздү Аллахтын Элчисинен ﷺ уктум деген.
Бул хадистеги жамандык дегени диндеги жамандык, бирок бул жамандык бир эле учурда бардык жерде бирдей дегендик эмес. Ар жерде ар кандай болушу мүмкүн. Бир жерде жаман болсо башка жерде жакшы болот.
Себеби адамадар кеңчиликте, жыргалчылыкта жашап дүйнө эшиктери ачылган сайын, жамандык эшиктери да ачылат. Адам баласы жыргалчылыкта жашаса мына ушул жыргалчылык адамды жок кылат.
Себеби адам жумшак жашоого жана сырткы денесинин сулуулугуна көңүл бурса, анда жүрөгүнүн жумшарышынан бейкапар болуп, жыйынтыгында эң аягы курт кумурскаларга бара турган, сассык жытка айлана турган денесин жумшартуу менен сулулоо болуп калат.
Мына ушул эң чоң балээ. Азыркы учурда адамдарга карасаң айткан нерсеси эле үйүбүз кандай, машинабыз кандай, жегенибиз эмне, төшөктөрүбүз кандай, жада калса илим окуп жаткандардын кээ бирлери да ошол илим менен даражаны көздөп илимди ортомчу кылып, натыйжада жыргалчылык жашоого жетүүнү калашат.
Чындыгында адам баласы эң чоң улуу максат үчүн жаратылган эле.
Ал Улуу максат Аллахтын жалгыз өзүнө ибадат кылуу.
Ал эми дүйнө жана анын жыргалчылыгы негизги максат эмес, тескерисинче негизги максатка жүтүү үчүн мал мүлктү колдонуш керек эле.
Шейхул Ислам ибн Теймия айтат: "Адам баласы мал мүлктү туура эшек сыяктуу колдонуш керек".
Дүйнөнүн ордун билиш керек, дүйнөнү эң чоң максат кылбаш керек!
Дүйнөнү, мал мүлктү туура баркы жок эшекти мингендей минбесең дүйнө сени минип калат.
Ошондуктан адамдарга дүйнө эшиктери ачылып ага канчалык деңгээлде кызыккан сайын акырет жыргалчылыгынан ошончолук кур калыша беришет.
Аллахтын элчиси айтат: "Мен силердин кедей болуп жашооңордон коркпойм, мен силер үчүн корккон нерсе мурунку коомдоргө дүйнө ачылып, бир-бири менен жарышып, дүйнө аларды жок кылган сыяктуу, силерге да дүйнө эшиктери ачылып бири- бириңер дүйнө жыйноодо жарышып, силерди жок кылышынан корком"- деген.
Ооба, Аллахтын элчиси чындыкты айткан. Мына бүгүнкү күндө адамдарды динин таштатып, кор кылган нерсе ушул дүйнө жыйноодо жарышуу болуп жатат.
Ошон үчүн адамдарды карасаң ушунчалык чектен чыккандыктан дүйнө адамдар үчүн эмес, адамдар дүйнө үчүн жаралгандай болуп калды.
Адамдар өздөрүнүн эң негизги максаты Аллахка болгон ибадат кылууну таштап, өздөрү үчүн жаратылган дүйнө менен алек болуп калды. Тактап айтканда максатты аткарууда тескери болуп калды.
Бул хадисте падышалар зулумдук кылса да, аларга моюн сунуунун важиб экенин айткан.
Эгер падыша сага зулумдук кылса сен жана ал падыша кыямат күнү падышалардын падышасы болгон Аллахтын астында бирдей тең абалда туруп сураласыңар.
Эч качан ойлобо, сага кылынган зулумдук бул дүйнөдө калат деп. Бул мүмкүн эмес, себеби зулум көргөн адамдын акысы кыямат күнү Аллахтын астында адилеттүүлүк менен сөзсүз алып берилет.
Тууганым сабыр кыл! Сабыр кыл!
Ошол балээден, зулумдуктан чыгууну күткүн!
Сага ушул күтүү менен нафсынын тынчтыгы жана анын бекемдиги келет.
Билгин ушул зулумдуктан чыгуу үчүн сабыр менен күтүү - бул ибадат болуп эсептелет.
Сен Аллахтан жардам күткүн, себеби Аллахтын элчиси айтат: "Жардам сабыр менен келет жана кутулуу кыйынчылык менен болот" деген.
Ушул жерде замандын жамандыгынан эскерткен себеби заман өткөн сайын жаман болуп өзгөрүп турат.
Бир күнү Аллахтын Элчиси айтты: "Кимде-ким менден кийин жашай турган болсо, көп келишпестиктерди көрөт" деген.
Биз азыркы убакытта көп келишпестиктерди көрүп жатабыз. Өзүм ишенген эле адам мындай дейт: "Ушул чоң мечитте фажр намазында биринчи сап толо болгон жана адамдар тахажутка келишип окушкан Бүгүнкү күндө тахажуд окугандар кайда, бир гана Аллах каалагандар болбосо өтө аз.
Аллахтын Элчиси кушту мисал айткандай: "Эртең менен жем соогу бош абалда чыгып, толгон абалда кайтат".
Ошол адамдар эртең менен таң атса, Аллахым мага ырыскы бергин деп дуба кылып жүрөгүн Аллахка байлагандан кийин Аллах ага ырыскысын берет.
Ал эми азыркы учурда көпчүлүк адамдар ушул нерседен бейкапар болушуп, Аллахтан башка нерселерге сүйөнүшөт. Ал эми хадисте "Кимдин жүрөгү эмнеге байланса ошол нерсеге ташталып койулат" деген.
Ооба Аллахка мактоолор болсун!
Акыркы күндөрү Аллах Таала жаштардын көкүрөктөрүн ачты.
Аллахтан сураймын өзүнүн жакшылыгын артырсын.
Аллах жаштардын көкүрөгүн ачып, жаштар Аллахка ибадат кылууга умтулуп жатышат.
Биз азыркы учур менен жыйырма жыл мурунку убакытты салыштыра турган болсок, өтө чоң өзгөрүү көрөбүз. Мурун мечиттен жаштарды көрүү кыйын эле, ал эми азыр күндө Аллахка мактоолор болсун мечиттин көпчүлүгү жаштар Аллахка мактоолор болсун бул чоң нээмат.
Ишенгиле!
Эгер карапайым элдер Аллахка ибадат кылууда оңолгон болсо, падышалар дагы Аллахка ибадат кылуга мажбур болуп, алар да оңолушат. Ким гана болбосун оңолуу сөзсүз болот.
Бүздин жерден башка өлкөдө жашаган туура жолдо болгон бир туугандарга да Аллахтан үмүт кылабыз. Эгер алар акыйкатта болгон болсо Аллах Таала алардын падышаларын жакшы адамдардан кылсын!
Биз аларга айтабыз: Сабыр кылгыла! Эгер элдер Аллахтын жалгыз өзүнө сыйынып, динди карманууда оңолушкан болсо келечекте падышалар арга жоктон оңолот.
Аллахтан мусулман өлкөлөрүндөгү падышаларга жана элине туура жолду берүүсүн суранам.