Тажикстандын таанымал акыны Адиба Азиз Тажикстандан кыз алган чет элдиктерге 50 миң доллар калың төлөөнү сунуштады.
Азиз өлкөнүн мыйзамына ылайык ушундай өзгөртүүлөрдү киргизип, чет элдик күйөө бала төлөгөн акчанын жарымын колуктунун эсебине которуп, ал эми экинчи бөлүгүн бешке бөлүп, бул акчаларды кыздын ата-энесине, мамлекетке, жетимдерге, майыптарга жана карыларга берүүнү сунуштаган.
Белгилей кетсек, акын кыздын бул сунушу социалдык тармактарда кызуу талаш-тартыш пикир жаратып, сунушун аялдардын көбү колдогон.
Алар ошол аркылуу тажик кыздарынын куну менен беделин өстүрүүгө болот деп эсептешет.
Ошентсе да, жашоочулардын бир бөлүгү “кыздарды товар сыяктуу сатууга” каршы чыкты.
Эске сала кетсек, 2011-жылы Тажикстан парламенти Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизген. Анда республика жаранына үйлөнгүсү келген чет өлкөлүк жаран нике шартын аткарып, тажик жаранын турак-жай менен камсыз кылууга тийиш.
Анын натыйжасында Тажикстанда чет өлкөлүккө турмушка чыгуу көрсөткүчү он эсеге азайган.