Колтуктун тердөөсү менен андагы жагымсыз жыт адамдын өзүнө болгон ишенимдүүлүгүн жоготот. Андан кутулуу үчүн кымбат дезодорант менен түрдүү атырлардын жардамына таянабыз. Бирок, бул нерселер убактылуу гана жардам берет. Ал эми түбөлүккө кутулгуңуз келсе, анда төмөндөгү кеңештерди ишке ашырып көрүңүз. 1. 1 чай кашык бор кычкылын 1 куту тальк менен (балдарга арналган) аралаштырасыз. Күнүнө 2 жолу ушул упаны колтугуңузга сээп жүрүңүз. Натыйжасын көп убакыт өтпөй эле байкайсыз. 2. 3-4 гранула марганцовканы 1 стакан кайнатылган жылуу суу менен аралаштырыңыз. Ушул суу менен күнүнө 3-4 жолу колтугуңузду жууйсуз. Бул эритинди колтуктун тердөөсүн токтотот, жагымсыз жытты жок кылат жана түктөрдү кетирет. Дарылоону үзбөй 2 жума жасайсыз. 3. 100 мл жылуу сууга 1 чай кашык аш содасын аралаштырасыз. Ушул эритиндини колтугуңуздун айланасына сүйкөйсүз. Дарылоону күнүнө беш жолу кайталаңыз. Аш содасы колтуктун тердегенин токтотот, ары түктүн өсүшүнө бөгөт коёт. 4. Лимон жагымсыз жыт жараткан бакте