Баардык эле кыздар терисинин таза, сулуу жана жаштык менен жаркырап турушун кыялданышат. Ал үчүн сизге помидор жардамга келет. Бышкан помидорду алып, анын ширелүү, жыттуу маңызынан сыйкырдуу курам даярдап, бетиңизге коюңуз. Бир аз убакыт күтүп, жуугандан кийин керемет натыйжасын көрөсүз. Помидор маскасынын даярдалышы жана башка помидор сулуулугунун сырлары жөнүндө кененирээк айтып беребиз. Помидордун агартуучу кесими Эгер сиздин убактыңыз аз болуп, бирок тез аранын ичинде сулуу көрүнүү керек болсо, анда жаңы помидорду жука кылып кесип алыңыз. Бул кесимдердерди бетиңизге коюп, 15-20 мүнөт жатып, кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Мындай процедураны эки жумада бир кайталап турууга болот. Сепкилдерге каршы колдонуу Сепкилдерди жана башка пигменттүү тактарды кетирүүгө арналган абдан натыйжалуу каражат сүт менен помидордон алынат. 1 кичинекей помидордун ширесин 1 аш кашык сүт менен блендерде эзип алыңыз. Таза беттин терисине, моюнга, декольтеге кебездин жардамы менен сүйкөңүз. 15 мүнөт
Сулуулук сырлары: помидор маскасы бет терисин жашартууга жана агартууга жардам берет
2 июля 20182 июл 2018
508
1 мин