Найти в Дзене
Укмуш кабарлар

Жашооңузду тез өзгөрткөн эки эреже

Ар ким өз жашоосун өзү татаалдантып жүрөт. Эгер, “Кыйынчылыктан көз ачпас болдум го”, “Эмнеге жолум болбой калды?”, “Нервим жукарып кетти” дегенди көп айтсаңыз, анда сиз жашоого, башкаларга мамиле жасоо эрежесин өзгөртүшүңүз керек. Кантип? Биринчи эреже “Кийинкиде”, “Эртең” деген сөздү сөздүгүңүздөн өчүрүп салыңыз да, “Азыр”, “Бүгүн” деп айта турган болуңуз жана ошого ылайык аракет кылыңыз. 1-мисал: Жашыңыз 30дан ашты, али үй-бүлө кура элексиз. Өмүрлүк жарыңызды издөө үстүндөсүз. Ар бир адам менен таанышып, сүйлөшүп, мамилени татаалдантпаңыз. Биринчи минөттөн эле сөзүңүз жарашып калышы керек. Мурунтан тааныш адамдардай сүйлөшүп, кездешүүнү ошол күнү эле уюштурган туура. 2-мисал: Келбетиңизди өзгөрткүңүз келет. Жаңы кийимди да 5-6 кг салмак таштагандан кийин сатып алам деп жүрөсүз. Ашыкча салмак менен күрөшүүгө 2-3 ай гана убактыңыз сарпталат да, эмнеге созуп жүрөсүз? “Дүйшөмбүдөн баштап”, “эртең менен баштайм” дегенди токтотуңуз. Дал азыр баштаңыз, ошондо гана аракет башталат. Да

Ар ким өз жашоосун өзү татаалдантып жүрөт. Эгер, “Кыйынчылыктан көз ачпас болдум го”, “Эмнеге жолум болбой калды?”, “Нервим жукарып кетти” дегенди көп айтсаңыз, анда сиз жашоого, башкаларга мамиле жасоо эрежесин өзгөртүшүңүз керек. Кантип?

Биринчи эреже

“Кийинкиде”, “Эртең” деген сөздү сөздүгүңүздөн өчүрүп салыңыз да, “Азыр”, “Бүгүн” деп айта турган болуңуз жана ошого ылайык аракет кылыңыз.

1-мисал: Жашыңыз 30дан ашты, али үй-бүлө кура элексиз. Өмүрлүк жарыңызды издөө үстүндөсүз. Ар бир адам менен таанышып, сүйлөшүп, мамилени татаалдантпаңыз. Биринчи минөттөн эле сөзүңүз жарашып калышы керек. Мурунтан тааныш адамдардай сүйлөшүп, кездешүүнү ошол күнү эле уюштурган туура.

2-мисал: Келбетиңизди өзгөрткүңүз келет. Жаңы кийимди да 5-6 кг салмак таштагандан кийин сатып алам деп жүрөсүз. Ашыкча салмак менен күрөшүүгө 2-3 ай гана убактыңыз сарпталат да, эмнеге созуп жүрөсүз? “Дүйшөмбүдөн баштап”, “эртең менен баштайм” дегенди токтотуңуз. Дал азыр баштаңыз, ошондо гана аракет башталат. Дал азыр баштабасаңыз, анда сиз быйыл арыктабайсыз!

Экинчи эреже

Урушту чууга улаштырбаңыз! Адам болгон соң, адашат. Сиз да ката кетиресиз. Каталык, ката сүйлөө, ката иш – жакын адамыңыз менен, сүйүктүүңүз менен, коңшуңуз менен, балдарыңыз менен уруштурат. Бул карым-катнаш мыйзамы! Бирок, аны татаалдантпай, калыс мамиле кылуу – ар кимдин колунда.

1-мисал: “Казан-аяк кагышпаган үй-бүлө жок” дешет чоңдор. Кагышсын, бирок сынбасын!

Күйөөңүз менен (аялыңыз менен) ортоңуздарда уруш пайда болду дейли. Урушту узак убакытка созсоңуз, идиш гана эмес, көңүл да сынат. Өзүңүз гана эмес, башканы да ыйлатасыз. Туурасы, урушту тынчтык жол менен, түшүнүү менен чечүү керек.

2-мисал: Кезекте турганда, дүкөндө, базарда, жумуш ордунда же эшикте коңшулар ортосунда сизге катышы жок сөзгө аралашпаңыз. Уруш учурунда өзүңүздү кармай албай калсаңыз, андай жерден тез кетип калууга аракет кылыңыз.

Мына, карым-катнашта бар болгону эки эле эреже менен жашасаңыз, болбогон нерсеге башыңызды оорубайт. Мен бул эки эреженин натыйжалуу экенине ишенем. Сиз да ишениңиз. Андай болсо, 2 эрежени колдонууну азыр баштаңыз. “Бүгүн”, “Азыр” – биринчи эреже. Ал эми экинчи эреже биринчи эреженин артынан өзү эле ээрчийт.