Найти тему
Укмуш кабарлар

Вячеслав Холодков: Азыркы коркунучтар ЕАЭБ өлкөлөрүн коопсуздук маселелерин чечүүгө аргасыз кылып жатат

Кыргызстандын борборунда “ЕАЭБдин терроризмге каршы стратегиясы: трансчегаралык террористтик коркунучтар боюнча биргелешкен күч-аракеттердин биригүүсү” темасында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экинчи Бишкек терроризмге каршы форуму болуп өттү.

Бул эл аралык иш-чаранын катышуучулары Бишкек терроризмге каршы форумунун биринчи бөлүгү катары 2017-жылдын июнь айында башталган тиешелүү темаларды талкуулоону улантышты.

Талкуунун алкагында Евразиялык терроризмге каршы күн тартибинин негизги пункттары белгиленди, ал мындан ары ЕАЭБдин терроризмге каршы стратегиясынын негизи болуп калат.

- Биздин форум коопсуздук кырдаалдарга карата ар тараптын пикирин айтыш үчүн гана эмес, ошондой эле бул багытта бийликтин мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу органдарына кандайдыр бир конкреттүү чечимдерди сунуштоо үчүн чогулду, - деп Орусиялык стратегиялык изилдөө институтунун КМШ өлкөлөрүнүн изилдөө борборунун жетекчиси Вячеслав Холодков өз сөзүндө белгиледи.

Анын сөзүндө, ЕАЭБдин экономикалык интеграциялык биримдик экенине карабай, бүгүнкү күндөгү коркунучтар биримдиктеги өлкөрдүн Евразиялык экономикалык биримдиктин мейкиндигинде экономикалык жараяндарга коопсуздук көз карашынан кароого мажбурлап жатат.

- ЕАЭБ түзүлгөн кезде биздин өлкөлөрдүн жетекчилери биримдик бир гана маселелер менен алектенет, ал эми саясий маселелер, аскердик коопсуздук маселелери – бул башка уюмдардын милдети жөнүндө сүйлөшүшкөн эле, бирок жашоонун өзү бул келишимдерди кайра карап чыгууга мажбурлап жатат. Эмне үчүн мындай болуп жатат? Өлкөлөр Биримдикти түзүү жөнүндө келишимге кол коюшканда биз жалпы капиталдык рынокторго, товарларга, тейлөөлөргө жана эң негизгиси эмгекке, башкача айтканда, эмгек миграциясынын жараянын жөнгө салууга чогуу кадам таштоого келишкенбиз, - деп белгиледи серепчи.

Анын айтымында, ЕАЭБ түзүлгөн убакыттан бери биримдиктин мүчөлөрү көптөгөн тоскоолдуктарды басып өтүүгө жана жалпы эмгек рыногун куруу планында чоң прогресске жетүүгө мүмкүн болду.

- Биздин өлкөлөр дипломдорду биргелешип таануу тууралуу макулдашты, андан кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жеке адамдар үчүн кош салык салуу алынды. Ал эле эмес, биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгек мигранттары үчүн биримдиктин аймагында акысыз медициналык кызмат менен камсыз кылабыз. Акырында, Россия Федерациясы жөнүндө айтсак, ЕАЭБ боюнча биздин өнөктөштөр үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн иш менен камсыз кылуу системасы киргизилди, атап айтканда, тил боюнча экзамендер жана эмгек патентин алуу боюнча милдеттемелер жоюлду. Мунун баары эмгек миграциясын жеңилдетет жана жакшы жардам берет. Мындан тышкары, биз азыр эмгек мигранттары үчүн пенсия менен камсыз кылуу тууралуу келишимди талкуулап жатабыз. Бул дагы эмгек миграциясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат, - деп Вячеслав Холодков айтты.

Андан тышкары, ал 2015-2016-жылдары Орусиянын экономикасы каатчылыкка кабылып, ага байланыштуу ички дүң продукциясы төмөндөп, жалпы эмгек миграциясынын деңгээлинин кыскаруусу байкалган, ЕАЭБ өлкөлөрү, атап айтканда, Армения жана Кыргызстан боюнча эмгек миграциясы тескерисинче 20 пайызга жогорулаган.

- 17-жылы орус экономикасы өсүп, ички дүң продукциясынын көбөйүп, дээрлик бир жарым пайызын түздү жана эмгек миграциясы кескин өсө баштады, биз башка өлкөлөргө караганда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алда канча тез өсүп жатканыбызды көрдүк. Демек, биз жасаган иш-аракет жакшы натыйжа берерин айтып кетүүгө болот, - деп Орусиялык стратегиялык изилдөө институтунун КМШ өлкөлөрүнүн изилдөө борборунун жетекчиси Вячеслав Холодков белгиледи.

Бирок, муну менен катар ал эмгек миграциясынын өсүшү өзү менен катар белгилүү бир көйгөйлөрдү ала жүргөнүнө дагы көңүл бурду. Алардын негизгиси террористтик көрүнүштөрдүн, диний экстремизмдин, баңгизат соодасынын жана жалпы кылмыш иштеринин өсүп баратканы болуп саналат.

- Азыр бизде демократия абдан жетиштүү түрдө өнүккөндүктөн, ЖМКлардын үстүнөн эч кандай мамлекеттик көзөмөл жок, ар бир материалды сенсациалоого умтулган басма сөз мындай окуялардын төөдөй кылып көрсөтөт, мындан улам төмөнкү деңгээлде, турмуштук аң-сезим деңгээлинде жакшы бир жалпы эмгек рыногун түзүү идеясын жокко чыгаруу жүрүп жатат. Башкача айтканда, бул массалык аң-сезимге таасир этет. Бул тенденция абдан кооптуу, анткени биз улутутр аралык мамилелердин көз карашында мындай нерселер мүмкүн болгон кагылышууга алып келерин билебиз, - деп кошумчалады серепчи.

Калктын коомдук аң-сезимине таасир эткен себептердин бири евразиялык интеграцияны алдыга жылдыруу планында биримдиктин жумушчу аппараты катары ЕАЭБ менен ЕЭКтин ишин жетишсиз деп эсептейт Вячеслав Холодков.

- Орусиялык телеберүүлөрдү ЕАЭБ жөнүндө бир да сөз укпай, бир сутка бою көрүүгө болот. Эгер ЕЭКтин сайты тууралуу айта турган болсок, анда ал адистер үчүн кызыктуу, бирок кеңири коомчулук үчүн такыр кызыксыз сайт. Ошондой эле, ЕАЭБ менен ЕБнын маалыматтык-жайылтуучулук ишин салыштырып көргүлө, анда анда маалыматтык борборлор бардык ири шаарларда, бардык окуу жайларда бар. Ал жакта жада калса балдар үчүн да сайт бар. Жада калса, балдар ЕБнын маанилүүлүгүн жана керектүүлүгүн түшүнөт. Тилекке каршы, ЕАЭБде ушул иш жетишпей жатат. Ошондуктан, мен жөнөкөй адамга чоө пайда алып келип жаткан ЕАЭБ – бул абдан керектүү биримдик экенин көрсөтүү үчүн ЕАЭБдин ушул пропагандалык ишиш менен байланышкан пунктту киргизүүнү сунуштайм. Ал эми терс мүнөздү көрсөтүү – бул айрым гана көрүнүш, алар жалпы картинаны түзө албайт, - деп жыйынтыктады серепчи.

Форумдун ишинде Кыргызстандын жана Орусиянын парламентарийлери, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана КР өкмөтүнүн мүчөлөрү, ошондой эле ЕАЭБ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн серепчилер коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын уюштуруучулары КР Коопсуздук кеңеши, КР “Пикир” аймактык серепчилер клубу, Э аралык “Альфа” атайын бөлүгүнүн ветерандар ассоциациясы, КР Президентинин аппаратынын колдоосун астындагы “Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду.