Адатта, көпчүлүк “Аялзатына эмне керек?” деген суроонун айланысында гана ойлонуп, бул жарык дүйнөдө эркектердин да бар экенин унутуп калышат. Эркектердин да түрдүү каалоосу менен жанына жакын өз “дүйнөсү” бар. Ал эми ошол дүйнөнүн сырын түшүнгөн аялзаты гана күйөөсүн жакын биле баштайт. Анда эмесе, эркектердин каалоосу эмне экенине көңүл буруңуз. 1. Аны аңдууну токтотуңуз. Айталы, күйөңүздөн кийин компьютердеги кирген сайттарын же анын уялдык телефонун аңтаруунун кереги жок. Сизге кызык көрүнгөн ар бир “жаңылык” эркектер үчүн табигый көрүнүш экенин эстеңиз. 2. Эркектер үчүн достун орду өзгөчө. Сизди жолуктура элек учурда эле ал киного да, эс алууга да достору менен бирге барып жүргөн. Башкача айтканда, досторун сизден жакшы билет, ары сизди канчалык сүйсө дагы, досторун өзгөчө сыйлайт. Ошондуктан, досу менен сиздин ортоңузда тандоо жасоо керек болсо, сиздин көңүл сырттында калбайсыз. Ушуну унутпаңыз. 3. Ага ишенимдүү болуңуз. Башка эркекке көз салуу оюңузда болбосун. Бул бир гана