Түркмөнстандын үй-бүлө кодексине токол алууга тыюу салынган ченем киргизилди, - деп РИА Новости басылмасы кабарлайт.
Гезитте өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон мыйзамдын тексти жарыяланган. Кабыл алынган ченем аталган кодекстин 7-беренесин толуктайт.
“Көп аял алуучулук бир убакта жалпы чарбаны биргелешип жүргүзүүдө эки же андан да көп аял менен жашоо экенин түшүндүрөт”, - деп айтылат түзөтүүдө.
Мыйзам 2018-жылдын 1-сентябрынан баштап күчүнө кирет.
Түркмөнстан жашоочуларынын көпчүлүгү ислам динин карманат, ал эми анын мыйзамдары боюнча эркекке 4 аял менен никелешүүгө уруксат берилген. Ошентсе да, өлкөдө токол алуу дайыма куугунтукталып келет. Ушундайча, Түркмөнстандын азыркы Кылмыш-жаза кодекси боюнча, токол алган адам ири көлөмдөгү айыппул төлөйт же эки жылга чейин түзөтүү иштерине кесилиши мүмкүн.