Antiterrortoday.com (Ташкент ш.) веб-порталынын автору жана башкы редактору Олег Столповскийдин Бишкекте өткөн II ЕАЭБке мүчө-өлкөлөрдүн “ЕАЭБдин терроризмге каршы стратегиясы: торроисттик коркунучтардын транс чек аралык шарттарында биргелешкен аракеттердин консолидациясы” терроризмге каршы форумунда жасаган баяндамасынын тексти.
“Ооганстанды Ислам мамлекетинин жаңы аймагына жана ага ылайык эл аралык терроризмдин (тагырак айтканда, өзүнө ушул статусту кайтаруунун) уясына айландыруунун коркунучу, ошондой эле Ооганстандын аймаыгнан мүмкүн болгон агрессиянын болжолдуу коркунучу Борбордук Азияда дагы, мурунку советтик аймакта дагы тынчтык бербей келет. Ислам мамлекетинин өсүү динамикасы жана басымынын масштабы, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон проекцияда бир нече жылдан бери талаш-тартыш, маал-маалы менен спекулянттык мүнөзгө ээ. Көрүнүп тургандай, Сирия менен Ирактагы согуш аягына чыгып бараткандыктан, ага ушул алармисттик маалыматтык кампанияны жаңы импульска кошуп жатат жана таасир берүүчү курал катары жеңилбес монстрдын образында региондун өлкөлөрүндө жана анын чегинен тышкары коомдук маанайды элөөгө аргасыз кылып жатат.
Расмий түзүмдөр жана серепчилик коомчулуктун өкүлдөрү ИМ образын ар кандай максатта пайдаланууну улантып жатышат: кимдир бирөө Борбордук Азия регионунда коопсуздук чөйрөсүндө басымын сактап калуу жана өнөктөштөрүн өзүнө байлап алуу, жергиликтүүлөр жергиликтүү тетири ойлорду басуу, ошондой эле эл аралык уюмдардан аскердик чөйрөдө жардам жана жөн гана акча сурап алууга шылтоо катары колдонууда.
Ошол эле учурда Ооганстанда жана анын тегерегиндеги аскердик-саясий абалдын өнүгүүсүн объективдүү талдоо өлкөдө татаал процесстер жүрүп жатканынан кабар берет, жалпысынан кырдаал оң жакка сапаттуу өзгөрүп жатканын күбөлөндүрөт. Жүрүп жаткандардын динамикасы чуулгандуу ИМ менен байланышы жок, тагыраак айтканда акыркысынын ролу жөнү жок эле өсүп кеткен. Ошол эле учурда Жакынкы Чыгыштан Ооганстанга бардык ИМнын согушкерлери автивдүү агылып жатат деген сөздөрдүн аргументи аз. Ошол эле учурда, ооган тарап Борбор Азия региону үчүн сырткы коркунуч жагынан алганда ооган багыты кыйла кооптуу болуп саналат. Ушул өзгөрүүлөрдү эске албоо, регионалдык коркунучтун мүнөзүн түшүнбөө өз убагында оор болот.
“Ислам мамлекети” Ооганстанда (“Вилаят Хорасан”)
Ислам мамлекетинин тарапташтары Ооганстанда пайда болгондугу жөнүндө биринчи жолу 2014-жылдын ортосунда сөз боло баштаган ИМнын провинциясын – “ХорасанВилаятынын” түзүлгөндүгү жөнүндө 2016-жылдын 26-январында жарыяланган. Ошол эле учурда, билдирүү негигинен пропагандалыку мүнөздү алып жүргөн, анткени жергиликтүү филиал тарабынан эмес, Ракадагы ИМнын борбордук пропагандалык аппараты тарабынан түзүлүп, көбөйтүлгөн. “Ислам мамлекетинин” негизги чакырыктарынын бири өздөрүнүн туусунун алдына жаңыдан түзүлгөн “ХорасанВилаятынын”тарапташтарын жыйноо эле. Сирия жана Ирантагы өкмөттүк аскерлерден аскердик артыкчылыкка жетишүү үчүн тартууга негиз болгон. Ошондо жаңы чыныгы халифатту, ооган чыр-чатактарынны зонасынан тажрыйбалуу аскердик кадрларды түзүү үчүн согуштун башкы фронтуна барат. Ушул убакытта Иордания, Туркия жана Ливан аркылуу дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүнөн жүздөгөн жаңы кабыл алынгандар менен бирге ИМны коргоо үчүн ооган аймагынан, түрдүү баалар боюнча, бир нече миң этникалык топтордун өкүлдөрү чогулушат (хижра жасашат).
ИМнын басымына биринчилерден болуп Ооганстанга америкалыктардын аскерлеринин басып кирүүсүнөн улам Пакистанда 2003-2004-жылы талипдердин ири масштабдуу артка чегинүүсүнөн кийин калган этникалык азчылыктардын (өзбектердин, тажиктердин, уйгурлардын) өкүлдөрүнөн турган отряддар туш болгон. Ушул жылдараралыгында “Өзбекстандын ислам кыймылынын” катышуучулары Вазиристанда жайгашса да, ооган жана пакистандык талибдер менен, ошондой эле “Аль-Каида” менен, иррегионалдык исламдык түзүмдөр менен тыгыз байланышта болгон.
2014-жылы Пакистандын аймагынан талибдер тарабынан, ошондой эле Пакистандын аба күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн аскердик операцияларынын ийгиликтүү өтүшүнүн жыйынтгында чыгарылганӨзбекстандын ислам кыймылынын согушкерлери өздөрүнүн үй-бүлөлөрү менен Ооганстандын түштүк провинцияларынын аймактарында пайда болот. Дал ошол учурда анын лидерлери биринчи жолу эл алдында ИМнын лидери Абу-Бакр аль-Багдадиге ак ниет менен кызмат кылууга ант беришет. Мына ошондо талибан отряддарын менен Ислам мамлекетинин биринчи кагылыштары байкала баштаган.
Өзүндө Талибанда падышалык кылган “пуштундардын шовенизминин” курмандыктарынын комплексин сезип көргөнү үчүн алар салыштырмалуу оңой эле ИМ менен кызматташууга барышат жана так ошол ылдамдаштыктын ядросу болуп калат, ал Ирактагы жана Сириядагы аскердик аракеттердин катышуусу үчүн барат. Көптөгөн жалдар бою өздөрүнүн тууган жеринен алыста жүргөндөр универсалдуу курал жана башкы актив болуп саналат. Алар Ооганстанда дагы, Жакынкы чыгышта дагы бийдей натыйжалуу колдонулушу мүмкүн.
Ооган Пакистан регионуна ИМнын киришин талибдер дагы көз жаздым алдында калтырган эмес. 2014-2015-жылдары ИМга ант берген талибдердин көпчүлүк талаа командирлери талибдердин пакистандык бөлүгү – Техрик-и-Талибан Пакистандын (ТТП) өкүлдөрү болуп чыкты. Бир аз убакыттан кийин ИМга ант берген пакистандык талибдер Закир Мусанын командасынын алдында “АнсарГазватуль-Хинд” кыймылын түзгөндүгү жөнүндө жарыялашат, ал бүгүнкү күндө ИМнын дээрлик Кашмирдеги филиалы болуп калды. анын согушкерлери негизинен индиялык аскерлер жана полициялар менен согуш жүргүзүп келишет, жанкечтилердин кол салуусун уюштурушат. Индиянын атайын кызматтары “АнсарГазватуль-Хинддин” чабуулдарынын артында Нью-Дели менен гибриддик согуш жүргүзүп жаткан пакистандык атайын кызматтар турарын болжолдошот. Бирок, азырынча буга эч кандай далил аныкталган эмес.
Пакистандык талибдердин башка бөлүгү 2015-жылы чыгыш ооган провинциялары Нангарахардынжана Кунардын тоолуу райондордо (анын ичинде Тора-Борада) жүрүүгө жөндөмдүү өздөрүнүн таяныч базаларын түзө башташкан, ал жакта совет аскерлеринин чектелген контингентинин убагынан тартып эле көптөгөн ваххабиттик коомдор бар болчу.
Ооган Пакистан аймагында ИМнын тарапташтарынын өсүшү бир ӨИКнын эле эмес, пакистандык талибдердин эсебинен да жүрүп жаткан. 2016-жылдын жайында “Хорасан Вилаятынын” биринчи “губернатору” Хафиз Саид-хандын өлүмүнөн кийин анын жолун улантуучу Хасибулла Логари тактикасын алмаштырып, пуштун уруусунун коомчулугу менен кыйла ийкемдүү мамилени түзүүнү ишке ашырууга аракет кылат, ИМга ооган “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүн тартууга аракет кылган. Бирок, талибдердин таасирдүү командири молдо Расулдун 2016-жылы ИМнын отряд тобу менен кошулуу ниетине каза болуп калган молдо Ахтар Мансур кылыч чапкан. Ушул окуядан кийин ИМнын тарабына өтүүнү майда отряддарды эске албаганда, бир дагы олуттуу талиб командирлери кайталоого чыгынган жок. Анын үстүнө мындай аракеттер үчүн мативацияда аз – талибдер менен ИМнын ортосунда абдан көп айырмачылыктар бар – жөнөкөй кылмыштык-экономикалык атаандаштыктан диний түшүнүктөргө чейин. Мындан тышкары, белгилей кетүүчү нерсе, ооган-пакистандын эки тарабынан тең пуштун лидерлеринин лоялдуулугу салыштырма мүнөздү алып жүргөн. Жада калса, өзүнүн ислам мамлекетинин идеалдарын карманып жүргөндүгү жана саясий курсунун актыгы жөнүндө билдириип деле, алар жолго салынып калган “Талибан” кыймылы жана жергиликтүү “Аль-Каиданын” өкүлдөрү менен байланышын үзгөн эмес. ИМ келгин баскынчы катары терс кабыл алынган. Ага баш ийүүгө мажбурлоо убактылуу мүнөзгө ээ.
2017-жылдын башына карата “Хорасан Вилаяты” чоң аймак боюнча ар түрдүү, чачыранды бутактаган тармакты элестеткен. Мына ошондуктан, кайсы бир маанилүү деңгээлде ар бир автономдуу ячейканын “Ислам мамлекети” менен кызматташуу үчүн жеке өзүнүн мотиви жана максаты болгон. Формалдуу жетекчилиги жана алардын ишин башкаруу борбордошкон негизде Кеңеш аркылуу ишке ашырылган. Болжол менен, башкарган институттар жана штабдар Пакистандын түндүк-батышында жайгашкан, ал жакта мамлекеттик бийлик формалдуу түрдө гана бар, ал эми жергиликтүү уруулук жана башка коомдор дээрлик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү жана алардын жеринде болгону үчүн акча төлөөгө даяр ар бар адамга ыңгайлашкан.
Террористтик актылардын жана перманенттик диверсиялардын жардам артында өздөрү жөнүндө активдүү билдирүү жасоо менен ИМ түзүмдөрү Ооганстанда да, Пакистанда да ири аймактарды өз алдынча басып алуу үчүн жетиштүү күчтө ээ эмес болчу. Буга карабай, алардын басымы жана ошол жерде болуусу Нангархардун жана Кунардын айрым провинцияларында байкалды. Ал жакта бир жагынан өкмөттүк басым артында, экинчи жагынан өзүнүн лагеринин ичинде тил табыша албаган талибдердин позициясы алсырап калган болчу.
Эгер радикалдар сырткы каржылык булактарга ээ болбогондо, Ооганстандын аймагында ИМнын тарапташтарын бекитүү мүмкүн эмес эле. Биринчи этепта алардын колдонуусунда атаандаштары – талибдерге салыштырмалуу акча кражаты көп болгон. Ооган прессасынын маалыматы боюнча, халиват куруучулар өздөрүнүн ыктыярчыларына 400 долларга барабар атаандаштыкка туруштук бере алган акча сунуш кылышкан. Талибдердин ставкасы эки эсе аз эле. Мындан улам жаштар ИГ тарапка оой баштайт. Жакырчылык төрөттүн жогорку көрсөткүчү менен ыкташкан өлкөдө акча фактору согушкерлерди сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Аларды ата-энесинен жаш кезинде эле алып кете беришет. Ошол эле учурда, Ооганстандын төрттөн үчүн бөлүгү – 30 жашка чейинки жаштар. Дал ушул жаштагы топтор салттуу түрдө ИМнын ыкчам тобунун ахгыруучу объекти болуп калат. Халифаттын тарапташтары ооган жаштарына басым жасоо үчүн талибдер менен күрөшүүгө даяр.
2017-апрелинде Нангархар провинциясында жүргүзүлгөн ооган өкмөтүнүн жана америкалык атайын бөлүктүн рейдинин жүрүшүндө Хасибулла Логари өлтүрүлгөн. Ага катар эле Сириядагы ИМнын борбордук жетекчилигинде ири машстабдуу маанилүү өзгөрүү болгон. Анда ири машстабдуу жеңилүүнүн жыйынтыгында “Хорасан вилаятына” болгон мамиле тездик менен өзгөргөн. Жок дегенде Сирия менен Иракта өзүн сактап калуу маселеси кыйла актуалдуу болот. бул ИМнын ооган филиалында лидердик үчүн топтун өзүндө кыл чайнашкан күрөш башталганын түшүндүргөн.
2017-жылдын жай айларынын башталышында топтун кыйла фундаменталдуу ажырымы жүрөт. Себеби “Хорасан вилаятынын” жаңы губернаторун шайлоодо көпчүлүктүн чечими талаш болгон. Губернатор Ахунзада Аслам Фаруки болот. Ал Оракзай пакистан округунан чыккан, уруусу боюнча пуштун. Фарукини кабыл алган отряддардын курамында пакистандын компоненти, ошондой эле ооган пуштун жана белуж топтору байкалган. Алар пакистандын Оракзай, Бажаур, Хангу жана Курам огругдарында байырлашып, ооганстандын чыгыш, түштүк жана борбордук провинцияларында активдүүлүгүн көрсөтүшөт.
Фарукиге каршы чыккан оппозициянын башчылары негизинен буга чейин ыдырап кеткен Өзбекстан ислам кыймылынын отряд командирлери болгон. Алар пакистандын аскерлеринин операцияларынын жүрүшүндө бир нече жолу жапа чегишкен. ИМнын борбордук жетекчилиги тарабынан бир нече топ менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн, алар бир нече айга созулган, жайдын аягында жыйынтыксыз аяктаган. ИМнын борбордук жетекчилиги жыйынтыгында Аслам Фарукини губернатор деп тааныган эмес. 2017-жылдын күзүндө Фарукинин оппозиялык тобу Ооганстандын түндүк-чыгышына жана түндүк-батышына биротоло орун которуштуруп кетет. Аны Муавия псевдоними менен жүргөн ӨИКнын мурунку командирлеринин бири жетектеп калат. Анын тобуна Омар Гозинин (Шейх Омар, Жмуа Наманганинин уулу) жана Азизулла (Абдурахмон) Юлдаш (Тохир Юлдаш уулу) отряддары, ооган тажиктеринни жана өзбектеринин тобу, ошондой эле чечендер, түрктөр жана уйгурлар кирет.
Алар түндүк провинцияларда жүрүшөт. Кээ бир баалар боюнча Муавиянын тобунун туруктуу саны 2000-2200 (кээ бир маалыматтар боюнча 1,5 миң) кишини түзөт. Бул жерде согушкерлер машыгуу лагерлерин түзүп, алар жергиликтүү жаштарды азгыруу менен алектенишет, азырынча ийгилик алар тарапта. Ошентип, 2017-жылдын экинчи жарымында Ооганстанда дээрлик ИМнын эки филиалы түзүлүп калат – туштунтук жана туштундук эмес райондор үчүн. Алар бири-биринен дээрлик автономдуу иштешет, өз ара салттуу атаандаш этникалык топторго таянышат. Аталган баскычта ИМнын ооган филиалы өздөрүнүн реалдуу жана потенциалдуу тарапташтарынын ортосунда ишенимдик ок кыла алган жок.
Эгер жакынкы убакка чейин ИМ негизинен өзүнүн катарына пуштун жаштарын тартуу менен алектенсе, ИГнын отряддары Ооганстандын түндүк бүлүгүнө орун которуштуруу менен анын тарапташтары кыйла ийкемдүү таткикага өтө башташты. Алар басымды пуштун эмес этносторго – тажиктерге, узбектерге, түркмөндөргө жасай башташты.
Келечекте ИМ президент Ашраф Ганинин пуштундарга каршы аракетине кыжырданган мурунку “Түндүк альянсынын” талаа командирлерин тартса болот. Бул үчүн албетте, жергиликтүү авторитеттер менен мамилени жолго салып, ошондой эле ири акча ресурстарына жетүүгө, баңгизат бийнеси тармагында, мүмкүнчүлүк алышы керек. Бул учурда ИМга ар бир жергиликтүү чыр-чатактар жана атаандаштыктар пайдасын тийгизет.
Мунун баары Ооганстандын аймагында, биринчи кезекте өлкөнүнү провинцияларында бир нече ийкемдүү жана согушка жөндөмдүү ИГнын террористтерди даярдоочу лагерлери менен аклавынын пайда болорун жокко чыгарбайт. ИМнын ооган филиалынын аскердик дарамети тууралуу айта турган болсок, анда Ооганстандагы ИГнын согушкерлеринин жана тарапташтырынын так санын эч ким билбейт. мезгил-мезгили менен айтылып жаткан сандар 1,5 миңден 10 миң кишиге чейин термелүүдө. Чамасы, чындык ушул сандардын ортосунда болсо керек. Болгондо да, сөз кандайдыр бир толук кандуу команда боюнча согушка кире турган баталиондор, полктор же дивизиялар тууралуу болгон жок, анча чоң эмес партизандык отряддар тууралуу болуп жатат. башкача айтканда, аларды башкарып, чогуу согушка кирүүгө мажбурлоо кыйын болот. Алар узакка созулган аракеттерге жөндөмдүү эмес.