Чет элдик окумуштуулар адам баласынан 10 жылдан кийин жер бетинен жоголуу коркунучу бар экенин айтышты.
Көптөгөн окумуштуулардын изидөөсүндө, аз жылдардан кийин жер бетинен адамзат жок болуп кетүү коркунучу бар экенин айтып коңгуроо кагышууда. Мунун себеби, түрдүү бактериялар өсүп, адамдын ден соолугуна аябагандай чоң зыян тийгизерине негизделип жатат.
Окумуштуулар мындай вирустар менен бактериялардын көбөйүшүнө адамдар өзү күнөлүү дешет. Анткени, курчаган чөйрөнүн булганышы, планетадагы климаттын өзгөрүшү, өтө зыяндуу бактериялардын санынын көбөйүшү дем алуу органы аркылуу адамдарга зыян келтирет.
Изилдөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, бактериялар менен вирустар атмосферага түшүп, жел аркылуу бүткүл дүйнөгө таркайт. Эгер бул коркунучтун алдын албаса, же жоюга кандайдыр бир чара көрүлбөсө, зыяндуу бактериялар менен вирустардын саны жылына 10 миллиардга чейин жетет. Натыйжада адам баласы жер бетинен такыр жок болушу мүмкүн.