Жай мезгили келип, күндөн коргоочу крем сатып алууга али да кеч эмес. Аларды туура тандоо үчүн бүгүн сиздерге көп кетирген 4 катаны айтабыз!
1. Адатта күндөн коргоочу кремдердерди тандоодо биз кутудагы сандарга маани беребиз. Бирок бир гана SPFге гана эмес, ультра күлгүн нурлардан да коргой турганына көңүл бурган туура. Алардын UVA, UVB жана UVC деген үч түрү болот.
2. Бизде эң “күчтүүсү” жакшы коргойт деген түшүнүк калыптанган. Мисалы “+50” болсо, демек жакшы таасир этет деп ойлойбуз. Чынында бул ката пикир, ошол себептен кылдат тандаган туура. Күндөн коргогон факторлор үчкө бөлүнөт. 10-15 – базалык, 15-25 – орточо жана 3-50 – жогору.
3. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы үчүн бир гана май колдонуу туура эмес. Терилер ар түрдүү болгондуктан өзүңүзгө, балдарыңызга атайын кремдерди сатып алуу керек.
4. Бир гана көрүнө турган жерлерге крем сүйкөө да ката болуп саналат. Кийим бизди күндөн коргой албайт. Ошондуктан, денеңиздин бардык бөлүгүнө крем сүйкөңүз.