Түркмөнстан президенти жогорку ылдамдыктагы спорт унаасын кураштырып, аны өзү сынактан өткөргөн. Бул тууралуу Түркмөнстандын маалымат булактары массалык түрдө көрсөтүп жатат.
“Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухамедов өзү сызган сызык боюнча өтө жогорку ылдамдык менен жүргөн спорт унаасын өз колу менен чогултуп чыкты. Анан анын мүмкүнчүлүгүн сынактан өткөрдү”, - деп TDH мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлайт.
Орусия басылмаларынын маалыматында, бул 19-июнда ал Ашхабаддагы спорт унаасы борборунда болгон. Мамлекет башчысы менен бирге уулу Сердар да кошо барган.
Белгилей кетсек, түркмөн президенти жарыш унааларын айдоодон башка, ат чабыш, вело жарыш, чыгыш күрөшү, гольф сыяктуу спорттун түрлөрү менен өзүнүн чебер экенин да көрсөтүп келет.
Мындан бөлөк ал ар түрдүү темадагы 40га жакын китептин автору. Анын бир нече илимий даражасы бар. Буга кошо былтыр курал-жаракты кантип колдонуу керектигин жоокерлерге үйрөтүп, көнүгүүлөрдү өткөргөн.