Депутат Кытай алдында карызга тынчсызданууда. Ал мамлекеттик аймак менен эсептешүүгө туура келерин айтат. Кыргызстан Кытайга болгон карыздары үчүн өз эгемендүүлүгүн жототуп алышы мүмкүн. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров парламенттин кезексиз жыйынында билдирди. - Биз тышкы карызыбыздын жарымын Кытайга беришибиз керек, алар бул карыздарды бизден кечпейт жана төлөм мөөнөтүн узартпайт, - деп эсептейт ал. - Биз Эксимбанктан насыя алып жатканда, келишимде насыя боюнча бардык талаш суроолор кытай мыйзамы боюнча Гонконгдо гана чечилери жазылган эле. Мен бул насыяга каршы болгом, бирок мени кызматтан кетиришкен, ал эми ратификацияга менин орун басарым кол койгон. Мындай сумманы карызга алардан мурда, экономика министри бул акчаны бере алабызбы, же жокпу деп ойлонушу керек эле? Мындан тышкары, парламент орус депутаты Владимир Жириновскийдин Кыргызстан карызы үчүн Ысык-Көлдү берүү керек деген сөздөрүн эске салды. - Кытайлыктар дагы ушинтип айтышы мүмкүн, - деп эскертти ал. - Тажикстан