Никесиз бала... “Өзүм үчүн” төрөп алдым... Буга үйрөнүп келе жатат окшойбуз. Көп олтуруп калган кыздардын турмушка чыгуусу да кечеңдеп, балалуу болуу убактысын да өткөрүп албоо үчүн кээде “сокур эрдикке” барып, никесиз балалуу болууга тобокел кылып жатышат. Муну биздин тарбиябыз да жактырбасын көпчүлүгүбүз билсек да, кээде бул ишти колдоп чыккандар да бар. Мындайга элибиз үйрөнгөн сайын эртеңки күнү никесиз бала төрөп алууну “өзүм үчүнгө” жаткыра салган кара көздөр көбөйөрү анык. Коомдо жайылып келе жаткан ушундай жагымсыз көрүнүшкө тоскоол болуу үчүн үй-бүлөдөгү тарбиянын мааниси чоң. Кыргыз эли кызы бой жеткен соң, аны турмушка берүүгө шашууну парыз тутканы белгилүү. Мүмкүн кыргызчылыгыбыздан ажырап, салтыбызды унута баштаганыбыздын таасиринен кадимки көрүнүш болуп кеттиби? Азыркы кыргыз үй-бүлөлөрү кыз баланын башкы мураты – жар болуп, мээримдүү эне болуу экендигин тарбия талкуусуна салабы? Андай болсо, “өзүм үчүн” деп төрөп алгандар кайдан чыгып жатат? Албетте, тагдыр, буйрук
Кыргызстанда “өзү үчүн” никесиз бала төрөп алгандар көбөйүп жатат
20 июня 201820 июн 2018
370
~1 мин