Жыйырмадан ашкан соң ар бир кызды турмушка чыгуу тууралуу ой тынчын ала баштайт. Кээ бири эрте теңин таап кетсе, ал эми башкасы “Менин жарым болчу?” деген сунушту узак убакытка күтүшөт. Психологдордун айтымында, төмөндөгү кыздардын 5 түрүнө жигиттер оңой менен сунуш жасабайт. Анда эмесе алардын катарында кандай кыздар бар экенин чогуу талдайлы. 1. “Актриса” бийкечтер Жо-о-ок, бул жерде адистикти айтып жатканыбыз жок, “Актриса” деген түргө кирген кыздарды сөз кылабыз. Алардын чектен ашкан кылыктары менен табышмактары болот. Алар эч кимге окшобогон бир ролго кирип алат жана аны дайыма өзгөртүп турушу да мүмкүн. Ал эми алардын мээси оорчулук келтирген ойду ойлогусу келбейт. 2. “Чыгармачыл” бийкечтер Мында “чыгармачыл” сөзү жумушка эмес, мүнөзгө байланыштуу айтылып жатат. Мындай сулуулар өзүнүн көз карашы менен каалоосун мүнөт сайын алмаштырып турушат. Өздөрү анык чечим кабыл ала албайт. Мындай кыздардын жанында ар бир эркек андан ары эмне болорун билбейт. Ушул кылыктар мырзалардын п