Найти тему
Укмуш кабарлар

БиоПРО системаcы: Вашингтондун биологиялык “сырлары”

Акыркы убакта мурунку советтик аймакта Вашингтондун империялык аппетити өскөндүгү былтыркы жылдын аягында 2025-жылга чейинки мезгилге ЖККУнун кабыл алынган стратегиясынын өзгөчө актуалдуулугун билдирет. Ал сырткы коркунучтарды, анын ичинде бактериологиялык мүнөздөгү коркунучтарды нейтралдаштыруу механизмин түзүүнү караштырат. Анткени, серепчилер белгилегендей, вашенгтондук статегдердин аскердик-саясий экспансиясы шериктештиктин чек арасына бир эле НАТОнун аскерлерин, аскердик базалардыжана ракетага каршы коргонуу (РКК) системасын жайгаштырууда, “түстүү революцияларды” уюштурууда эле эмес, ал өлкөлөрдүн кээ бирлеринин аймагында реферанс-лабораториялардын тармагын түзгөндүгүндө болуп саналат. Анда америкалык окумуштуулар өлүмгө алып келүүчү вирустардан жана оорулардын калкты коргоо шылтоосу менен заманбап биологиялык курал түзүүнүн үстүндө иштешүүдө.

Белгилүү болгондой, Вашингтон тарабынан Орусия башкы геосаясий атаандаш жана ал үчүн коркунучтуу мамлекет катары жарыялангандыктан, Орусиянын чек арасынын периметрине “бактериялык кардон” түзүү иштери өз нугунда баратканында эч кандай таң каларлык нерсе жок. Мындай илимий изилдөөлөр үчүн аянтча болгон өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугуна олуттуу корукунуч жаратат.

ЖККУнун документтеринде белгилгендей, негизи боюнча колдонмо аскердик мүнөзгө ээ биологиялык тажрыйбалар чөйрөсүндө өзгөчө активдүүлүктү акыркы жылдары Орусиянын чек арасына жакын мурунку советтик аймакта янкилер көрсөтүп жатышат. Орусиядан алар өздөрүнүн Евразиядагы стратегиялык ойлорун ишке ашырууда башкы жана жалгыз тоскоолдукту көрүшөт. Кээ бир батыш серепчилери болжоддогондой, сөз континенттин, Кытайды, эки Кореяны жана Японияны кошкондо, алдыңкы мамлекеттерине багытталган “БиоПРО” системасын түзүү жөнүндө болуп жатат.

Америкалык биолоиялык референс-лабораториялар 2010-жылдан тартып Украинада, 2011-жылдан – Грузияда, 2016-жылдан баштап Казакстанда, Арменияда, Азербайжанда, Өзбекстанда, Тажикстанда жана Молдовияда иштей баштаган. Алардын баары дээрлик толугу менен АКШнын агенттиги тарабынан “аскердик коркунучту кыскартуу” (DTRA) жалпы суммасы эки миллиард доллардан ашык суммага каржыланат. Океандын ары жагындагы өзүнүн биологиялык экспансиясын Пентагондо “асыл максаттар” менен байланыштырышат. Жаш мамлекеттерге улуттук илимий кадрларга калкты оорулардан сактоогө жана өлүмгө алып келген вирустарды аныктоодо жана алардын жок кылууда мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам беребез дешет.

Чынында, америкалыктар өздөрүнүн “эки” багытты бар эксперименттерине жана тажрыйбаларына жергиликтүү окумуштууларды катыштырбайт. Анын үстүнө алар өздөрүнүн контролуна совет мезгилиндеги биологиялык “ойлоп табууларды жана сырларды” алып алышкан, аны менен бул тармакта улуттук окумуштуу кадрларды толугу менен “куралсыз” калтырышкан. Өздөрүн түрдүү жергиликтүү контролдон бошотуп алышкан.

Украинада, мисалы, DTRA америкалык агенттиги 11 лабораторияны каржылайт жана толугу менен контролдойт. Анда бул өлкөнүн коомучулугунан жашыруун бир топ жылдар бою жаышруун тажрыйбалар жана эксперименттер жүргүзүлүп келет. Алардын эгинди “зыянкечтерден жана курт-кумурскалардан” сактоого, калктын саламаттыгын бекемдөөгө эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче, өлкөдө бир нече жолу адамдар арасында дагы, үй жандыктары арасында дагы “белгисиз” эпедемиялардын жана массалык оорулардын жайылган учурлары болгон.

Бирок, киевдин бийлиги, кайталай кетсек, өздөрүнүн аймагында мына ушул америкалык мекемелердиконтролдоо укугунан ажырап калган, ал жакта жасалган эксперименттерди жашырууга жардам берет, бул лабораториялардагы иштердин мазмунун айтууну каалган коомчулукту басып турат. Ал эле эмес, жергиликтүү бийликке бул тууралуу “жашыруун маалыматты” эл алдында айтууга тыюу салынган. Анткен менен, алар өздөрү деле ал жата америкалык “окумуштуулар жана изилдөөчүлө” эмне менен алек болуп жатканын билишпейт. Ошол эле учурда Пентагондун өкүлдөрүнүн Украинанын бардык аскердки сырларына пайдаланууга чексиз мүмкүнчүлүгү бар.

Эске салсак, Киевдеги “түстүү” революциядан кийин дароо эле украинанын саламаттык сактоо тармагына американын “жардам планы” пайда болгон. Ал республиканын аймагына “биологиялык коркунучтарды кыскартуу” прогаммасынын чегинде инфекциялык ооруларды изилдөө жана контролдоо үчүн багытталган биологиялык борборлорду жайгаштырууну көздөгөн. Биринчи “илимий борбор” Украинанын аймагында 2010-жылы 15-июнда Одессада И.И. Мечников атындагы институттун базасында ачылган. Бул биолаборатория кош багыттагы бүтүндөй өнөр жайдын башкы бөлүктөрүнүн бири болуп калат. Ал аталган өлкөдө американын акчасына жана Пентагондун контролу астында иштейт.

Андан ары “биологиялык коркунучтарды минималдаштыруунун” аркасы менен америкалыктар Украинада эки референс-лабораторияларды жабдууга киришти – украиналык кооптуу штаммдардын жыйынтысын жайгаштыруу үчүн негизги жана убактылуу, ошондой эле анчалык чоң болбогон 29 станцияларды, анын ичинде санитардык-эпидемиологиялык контролдоонун облусттук пунтктары бар. Ушул ири программанын баасы 190 млн долларды түзөт. Бирок, эгер алардын бул өлкөдө “тынчтык” максатында жаңы жана терең бактериялык изилдөөлөр үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөрүн эске алсак, бул погон тагынган вашингтон биологдору өз алдыларына койгон акыркы максаттар эмес.

Америкалык биологдор Казакстанды да куру калтырышкан жок. Казакстандык жетекчилигинин америкалыктар менен аскердик-техникалык “кызматташуусу” барган сайын тереңдеп баратат. Республиканын аймагында Пентагон конролдогон, ошондой эле “улуттун саламаттыгын бекемдөө” жана экологиялык жакшырууга жетишүү шылтоосу менен, илимий-изилдөө мекемелеринин тармагы түзүлүп жатат. Ушул илимий борборго кирген тогуз илимий борбордун төртөө “биргелешкен биологиялык изилдөөлөр” программасынын чегинде реконструкциядан өтүп, зарыл болгон жабдуулар менен жабдылды. Алар республиканын Алма-Ата, Астана жана Уральск сыяктуу калк жыш отурукташкан шаарларында жайгашкан. Бул ушул “изилдөө борборлорунда” кандайдыр бир авария же штаттан сырткаркы кырдаалдар пайда болгон учурда эл үчүн абдан коркунучтуу.

Жергиликтүү пресса бир топ кооптуу оору – кара тумоону, сибирь жарасын, бруцеллезду жана башкаларды чакыруучу микроорганизмдер менен түздөн түз байланышкан биологиялык эксперименттер Алим Айкимбаев атындагы казакстандын карандиндик жана жугуштуу ылаңлар илимий борборунда (ККЖЫИБ) жүргүзүлөт деп билдирет. Ушул борбордун базасында 2016-жылы америкалык каржылоонун астында Борбордук референс-лаборатория (БРЛ) курулган. Кыйла кооптуу инфекциялуу ооруларды чакыруучу вирустук жана бактериялык козгогучтарды сактоо жана изилдөө уюштурулган. Ушул лабораториядагы бардык эскперименттер Петагондун “адистеринин” контролу жана катышуусу астында жүргүзүлөт. Казактар аларды жергиликтүү кесиптештери менен “билгендери жана тажрыйбалары” менен бөлүшөт деп ойлошот.

Коңшу Өзбекстанда эки тараптуу макулдушууга ылайык америкалыктар бир катар жергиликтүү республикалык эпидемиология, микробиология жана инфекциялуу оорулар институтунун, ветеринардык борбордун жана бир катар ушундай эле түзүмдөрдө диагностикалык лабораторияларды оңдоп-түзөө иштеринен өткөрдү. Ал эле эмес, вирусология илимий-изилдөө институтунун базасында жакында эле дагы бир заманбап БРЛ ачылды – бул Андижан жана Ферганадагы ушул сыяктуу мекемелерде “болоигиялык коркунучтарда азайтуу боюнча” АКШ агентигинин акчасына курулгандарга кошумча болду. Жергиликтүү прессанын билдирүүсүнө караганда, бардык ушул ири долбоор диогнистикалык жабдууга жана лабораториялардын персоналын окутууга кеткен чыгымдарды кошкондо дээрлик бир жарым миллион долларды чыпчыды.

Ушул сыяктуу биологиялык лабораторияларды ушул жана башка мурунку советтик өлкөлөрдө АКШнын аскердик ведомствосунун активдүү катышуусу астында куруу океандын ары жагындагы стратегдер биологиялык курал түзүү боюнча программадан баш тартпаганын эле эмес, ошондой ушул багытта ишин активдештиргени жөнүндө кабар берет. Алар өздөрүнүн каражатын жана илимий “аракеттерин” орусиянын чек арасына жакын жүргүзүшүүдө. Өздөрүнүн эксперименттерин жашырып, ЖККУнун айрым катышуучуларын ага тартып алышкан.

Ушул жана башка борборлордо ана институттарда Пентагон дээрлик кооптуу ооруларды жана вирустарды козгоочуларга, алардын антибиотиктерге жана башка коргоо чараларга сезгичтигине эпидемиологиялык мониторинг жүргүзүү менен байланышкан долбоорлорду ишке ашырып келет. Кандай максат менен деген суроо туулат. Себеби, зарыл болгон учурда “биологиялык иш-чаралардын” максамалдуу натыйжалуулугу менен өзүн камсыз кылуу үчүн.

Жалпыны жабыркатуучу бактериялык курал өндүрүүгө жөндөмдүү биологиялык объектилердин тармагын түзүү аркылуу Вашингтон жана анын союздаштары өзүнүн геосаясий атаандаштарынын жана душмандарынын коопсуздугун бүлгүнгө учуратуу боюнча максат коюп, маселелерин чече алат. Экономикалык жана адам ресурстарына зыян алып келүүгө багытталган диверсиялык операцияларды жүргүзүшөт. Ушул БРЛдердин изилдөөлөрүнүн натыйжалары биологиялык куралдардын жаңы түрүн жасоо үчүн колдонулат деп ишендиришет окумуштуулар. Алар тандоо жолу менен таасир этет жана гетотип боюнча гана адамдардын тобун жабыркатууга жөндөмдүү болушат.

Ал эле эмес, өздөрүн советтик аскердик-биологиялык программалардын, айрым өзгөчө кооптуу патогендердин штаммдарынын коллекциясынын жыйынтыктары менен “байытып”, Петагондун биолог аскерлери 1972-жылдагы Женевалык тыюу салган конвенцияга каршы климаттык шарттарда алардын потенциалдуу колдонууда биологиялык агенттерди изилдөөгө аракет кылып келет. Мындай изилдөөлөрдүн максаты алардын жабыркатуучу курамын ыкчам коррекциялоо болуп саналат.

Мындай аскердик билогиялык борборлордун жана лабораториялардын медициналык объектилерге жашарынып киргизилген практикасы 1972-жылы кол коюлган биологиялык жана токсиндик куралдарга тыюу салуу жөнүндө конвенцияны бузуу болуп саналат, ал эчак эле Вашингтон үчүн бош жана керексиз кагаз болуп калган. Америкалыктар азыркы био изилдөөлөрүн ар кандай эл аралык контролдон жашырууга аракет кылып келет.

Чынында жамааттык коопсуздук куралы катары Женевалык конвенцияны бекемдөө боюнча дүйнөлүк коомчулуктун ондогон жылдар бою көркөн аракети бүлгүнгө учурап отурат.