Ооганстан – бул ар кандай каатчылыктан жапа чеккен өлкө. Сырт жагынан дал ушул каатчылыктар бул өлкөгө чет элдик аскерлердин келүүсүнө себеп болгондой көрүнүшү мүмкүн. Ошентсе да, улуттук жана тышкы деңгээлдеги негизги карама-каршылык санына ооган баңгизатынын көйгөйү тиешелүү, чындыгында терроризм менен күрөшүү үчүн Кошмо Штаттар Ооганстанга ондогон Батыш өлкөлөрүнүн аскердик контингенттерин киргизүүгө жетишти.
БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармасы маалымдагандай, баңгизат айлануусунун жогорулашынан улам жыл сайын 100 миңге жакын адам каза болот. Баңгизат контрабандасы аны менен катар террористтерди байытат жана тынч жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан экстремисттик топторду бекемдейт. Мындай кырдаалда Ооганстандан чыккан баңгизат каражатынын мыйзамсыз айлануусуна жана өндүрүүсүнө каршы күрөшүүнүн жалгыз жолу бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракетин бириктирүү болуп саналат.
Ооганстанга бир нече чет мамлекеттердин аскер кызматкерлери киргенден бери дээрлик 16 жыл өттү, бирок, расмий жана расмий эмес маалыматтарга ылайык, өндүрүш жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү деңгээли 2001-жылга салыштырганда АКШ ооган апайими менен күрөшө баштаган жылга салыштырганда 100 эсеге көбүрөөк өстү. 2015-жылы баңгизат өндүрүшү 3300 тоннаны түзгөн, бирок расмий статистиканын маалыматы боюнча бул жылы ал 4,8 тоннага жеткен. Баңгизаттарынын өндүрүшүнүн жана контрабандасынын массалык деңгээли Ооганстанда гана ири коомдук жана саясий көйгөйлөрдү жаратып тим болбой, ошондой эле аймактагы башка мамлекеттердин, башкаларга караганда өзгөчө көбүрөөк жабыр тарткан Ирандын тынчсыздануусун күчөтүп келет.
Ооганстандагы эң кирешелүү баңгизат өндүрүшүнүн өсүшү кеңеш өкмөтү кулагандан кийин эле болгон, башкача айтканда, бул өлкөнүн мамлекеттик түзүмдөрү иш жүзүндө кыйраган убакта болгон. СССР коммунисттик өкмөтүнүн баскынчылыгына каршы согушту жүргүзүү бүткүл мезгил бою баңгизаттарды өндүрүү рак шишиги сыяктуу тарады, ал эми Талибан топторунун саясий сахна алдында пайда болушу менен ал эки эсеге көбөйдү, ошондуктан бүгүнкү күндө бул көйгөй Ооганстанга коңшу өлкөлөр менен бүткүл дүйнөлүк коомчулукка олуттуу тынчсызданууну жаратат.
Талибдер бийликке келиши менен баңгизат өндүрүшүнүн өсүшүнө карабай, алардын саясий түзүлүшүн бекемдөө процессин тездетүү, тийиштүү мамлекеттик органдарды түзүү жана бул куралдуу топторду Ооганстандын чоң аймагына үстөмдүк кылган бийликтин институтуна айландыруу, аны өзүнүн эл аралык бедели жөнүндө ойлонууга түрткү берди.
Талибдердин өкмөтү өзүнүн Ооганстанды башкаруу ишинде жоопкерчиликти жана дараметин, кадырлуу жүзүн дүйнөлүк коомчулукка көрсөтүү жана эл аралык басымга каршы туруу үчүн 2000-жылы баңги заттарын өстүрүүгө жана өндүрүүгө тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алган.
Кызыгы бул токтом өндүрүү көлөмүн бир кыйла кыскартты, ал эми биздин күнгө чейин жашаган наркомандар нөлүнчү жылдардын башында болгон баңгизаттын баасынын кескин өсүп кеткенин жакшы билишет.
Ошондой болсо да, 2001-жылы АКШ жана анын союздаштары аларга 11-сентябрдагы террордук чабуулдагы негизги шектүү Усама бен Ладенди берүүдөн баш тарткан талибдерди шылтоолоп, терроризм менен күрөшүү урааны астында Ооганстанга басып кирүүнү иш жүзүнө ашырышты. Андан кийин бул өлкөдө баңгизат өндүрүү кайрадан кескин өсө баштаган. Бир кызыгы, ушул убакытка чейин Батыш өлкөлөрү террорчулардын баңгизат соодасынан пайда көрүп жатканына эми гана көңүл буруп жатышат.
Ооганстандагы АКШ жана НАТОнун аскердик кызматкерлеринин катышуусу менен бул өлкөнүн бардык аймагында баңгизат өндүрүү ар жыл сайын тез ылдамдыкта өсүүдө. Бул өндүрүш райондорунун чоң бөлүгүндө талибдерге каршы күрөшүүгө арналган британиялык жана америкалык бөлүмдөр жайгаштыраларын белгилей кетүү керек.
БУУнун Ооганстандагы баңгизат менен күрөшүү боюнча баяндамасына ылайык, бул өндүрүштүн негизги борбору болуп Гильменд провинциясы эсептелинет. Бар маалыматтарга караганда, бул өлкөдө өндүрүлгөн бардык баңгизаттын 60% дал ушул провинцияда өстүрүлөт. Ооганстандан чет элдик аскерлерди чыгарганга чейин 2014-жылы Шурабак районундагы Гильменд провинциясында жайгашкан эң ири англо-америкалык аскердик базалардын бири курулган.
Болгондо да Ооганстандын аймагындагы эң ири чет элдик аскердик базасына коңшу туруу менен баңги заттарынын эң ири өндүрүшү саясий чөйрөдө жана ушул өлкөнүн коомдун пикиринде мындай абдан пайдалуу товарды өстүрүүгө жана аткезчиликке чет элдик аскерлердин катыштыгы боюнча олуттуу шек саноону пайда кылат.
2013-жылы баңгизат менен күрөшүү боюнча ооган министрлиги акыркы жылда өлкөдө 5500 тонна баңгизат өндүрүлгөнүн билдирген. Кийинки жылы бул өндүрүштүн деңгээли 6400 тоннага жетти. Баңгизат менен күрөшүү боюнча министрлик өз баяндамасында билдиргендей, 2013-жылы Гильменд провинциясында апийим дээрлик 100 миң гектар жерге себилген. 2015-жылы, башкача айтканда, америкалык аскерлерди чыгаргандан бир жыл өткөндөн кийин, НАТО бөлүктөрүнүн олуттуу кыскаруусунан жана улуттук биримдиктин ооган өкмөтүн түзүүсүнөн кийин бул өлкөдө баңгизат өндүрүшүнүн көлөмү 3,2 тоннаны түзгөн. 2016-жылы бул көрсөткүч 4800 тоннаны түзгөн. Анткен менен, Кабулдагы баңгизатка каршы күрөшүү боюнча ооган министрлиги жана БУУнун өкүлдөрү Ооганстандагы АКШнын жаңы аскердик стратегиясын жарыялагандан кийин, 2017-жылы өлкөдө апийим өстүрүүгө 328000 гектар жер бөлүнгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 63% көп.
Бир канча убакыт мурун БУУнун баңгизатка каршы күрөшүү боюнча өкүлү Марк Кулан Кабулдагы басма сөз жыйындарынын биринде Гильменд провинциясында эле апийим 63 700 гектар жерге себилгенин билдирди, бул өткөн жылга салыштырмалуу 79%га көп. Бул ооган апийиминин жарымы Гильменд провинциясында гана өстүрүлөт дегенди билдирет. Бул басма сөз жыйындын жүрүшүндө БУУнун өкүлү өндүрүштүн көлөмү бир гектарда 27,3 кг чейин өскөнүн, башкача айтканда, 2016-жыл менен салыштырганда 15 пайызга көбөйгөнүн кошумчалады, ал эми өндүрүштүн жалпы көлөмү 9000 тоннага жетти, бул Ооганстандын тарыхында абсолюттук рекорд болуп саналат.
Кээ бир ооган серепчилери Ооганстанда жүргөн чет элдик аскерлер баңгизат өндүрүүгө жана мыйзамсыз айландырууга активдүү катышып жатат деген ойдо. Серепчилердин сөзү боюнча, Кандагар, Гильменд жана Урузган провинцияларынын жеке апийим талаалары бар жана жакын жайгашкан чет элдик аскердик бөлүктөр алардын түшүм жыйноосуна эч кандай тоскоол болушпайт. Жергиликтүү дыйкандардын айтымында, алардын провинцияларында күнү-түнү тик учактар менен учактар конуп турат, аларга баңгизаттарды жүктөшүп, кийин алар белгисиз багытка учушат.
Америкалыктар Ооганстанда апийим өстүрүү үчүн айдоо аянттарын пландык негизде көбөйтүп жатат деп айтылып жүрөт. Чет элдиктер Гильмендде муну менен 1985-жылдарда эле алектене башташкан, бирок азыр алардын колдоосунда өндүрүш толук ишке ашып жатат.
Ооган серепчилери чет элдиктер менен айрыкча америкалыктар Ооганстандагы баңгизат өндүрүшү менен мыйзамсыз сатуудан пайда табышарын ырасташууда. Эгер америкалыктар жана НАТОнун башка аскерлери баңгизат бизнесине катышпаганда, анда оогандан келип чыккан баңгизаттар Европага барбайт эле, анткени ал жакка баңгизаттарын мындай көлөмдө жөнөтүүгө бир гана жергиликтүү контрабандачылардын күчү жетпейт. Тыюу салынган товарларды, анын ичинде баңгизаттарды ташуу үчүн Ооганстан чек арасын жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай текшерүүсүз жана көзөмөлсүз кесип өткөн чет элдик аскер учактарын толук түрдө пайдаланышы мүмкүн.
Бардык айтылгандардын ичинен акыркы 16 жылда Ооганстандагы баңгизат өндүрүшү көбөйүп гана жатат деп жыйынтык чыгарса болот, ал эми алардын негизги бөлүгү америкалык жана британиялык аскерлердин саны көп болгон провинцияларда өндүрүлөт.
Ооганстанда апийим өстүрүүнүн жана баңгизаттарын өндүрүүнүн ырааттуу кеңейүүсүнүн башталышына 17 жыл болду жана мындан бир нече ай мурун АКШ менен НАТО баңгизатка каршы олуттуу күрөшүүгө ниеттенип, ал тургай буга байланыштуу ушул заттарды өндүргөн заводдор жайгашкан райондор боюнча бир катар аба соккуларын жүзөгө ашырганын жарыялады.
Өткөн тажрыйбалар көрсөткөндөй, Кошмо Штаттары ар бир көрүлгөн чарадан кем дегенде эки пайда алууга көнүп калган. Буга окшош планды Вашингтон Ооганстанда ийгиликтүү ишке ашырды. Бул азия өлкөсүндө баңгизаттарын өстүрүү үчүн эң чоң эгин аянттары жайгашкан, аларды шарттуу түрдө эки бөлүккө бөлүүгө болот. Биринчиси талибдердин көзөмөлү астында турат. Иш АКШ аскерлери чыгарылгандан кийин, талибдер апийимди өстүрүүгө уруксат берген токтом чыгарышат, аны өз чыгымдарын камсыз кылуу үчүн ар түрдүү жол менен колдойт жана ал тургай дыйкан калкына кредиттерди түздөз-түз жана жандатып берип жатканында болуп жатат. Бул аянттардын башка бөлүктөрү аскердик кыймылдар жүргүзүлгөн райондордо жайгашкан, башкача айтканда чет элдик аскерлер тарабынан көзөмөлдөнөт. Ооганстан бийлиги бул аймактарды башкарбайт, же жөн эле ошол жакта орун алган аянычтуу абал жөнүндө ачык айтууга батына албай жатат.
Эки аймакта тең апийим өсүмдүгүн өстүрүү шарттары бири-биринен көп деле айырмаланбайт, анткени бардык жерде баңгизаттар көпчүлүк чет өлкөлүк кылмыштык топтордун, террористтердин жана чет элдик аскерлердин колдоосу менен өндүрүлөт, ал эми Ооганстандан башка өлкөлөргө баңгитрафик жолу бир нече анык багыттар боюнча өтөт. Сөз бизге жакшы белгилүү Европанын ар кайсы бөлүктөрүнө Перс булуңундагы өлкөлөр аркылуу, Индияга Пакистан жана чектеш өткөн өлкөлөр аркылуу, ошондой эле Ооганстандын ар кайсы провинцияларында чет элдик куралдуу күчтөрдүн көзөмөлү астында болгон аскердик аэропорттордон Европа менен Америкага авиациялык ташуулар жөнүндө болуп жатат. Ушул бардык каттамдар АКШнын колдоосу менен ишке ашып жатат, ал эми жүк ташуунун өзү уюшкан топтордун мүчөлөрү тарабынан жүзөгө ашырылууда.
Ооган баңгизат соодасынан орто эсеп менен 50дөн 100 миллард долларга чейин түшкөн пайданы алган АКШ мусулман өлкөлөрүндөгү каатчылыкты акырын башкарат, террорчуларды колдойт жана өздөрүнө жакпаган ислам бийлигин кулатууга аракет кылат. Ошону менен бирге, АКШнын чалгындоо жана аскердик түзүмдөрү, ал тургай америкалык өкмөттүк бөлүмдөрү ушул кирешелердин эсебинен иштеп жатат. Сыягы, Вашингтон мындай ири кирешеден баш тартууга эч качан макул болбойт, себеби алардын аркасы менен Кошмо Штаттар ушундай коркунучтуу аймакта узак убакытка чейин болуу максатына жетти. Буга байланыштуу, НАТО менен АКШ ооган баңгитрафигин так көзөмөлдөп турат, же жок дегенде мындай кирешелүү бизнес менен күрөшүүнүн кажети жок экенин сынабай эле, аны өздөрүнүн максималдуу пайдасы үчүн колдонушат.
Ошол эле учурда, баңги соодасына Ооганстандын кээ бир жергиликтүү лидерлери менен бийлик өкүлдөрүнүн катышы бар. Бул жергиликтүү бийлик органдары өлкөнүн тынч эмес аймактарынын чоң бөлүгүндө кээ бир жоопкерчиликсиз чиновниктер менен террористтик топтор иштейт, ошондой эле кыйла кирешелүү баңги соодасы менен алектенет.
Азыркы кырдаал ушунчалык күчөп кетти, Ооганстан дүйнө жүзүндөгү баңгизат өндүрүшүнүн 93 пайызын өндүрөт, ал эми апайим ал жактын дээрлик бардык жеринде өстүрүлөт. Баңгизаттарын өндүрүү чет элдик аскерлердин массалык катышуусунун алкагында уланып келет. Буга карабастан, бул өсүмдүктү өстүрүүгө, аны иштетүүгө жана контрабандага каршы эч кандай натыйжалуу чаралар көрүлбөй жатат. Башка жагынан, оогандан чыккан баңгизаттар Орусия (Орто Азия аркылуу) жана Иран сыяктуу коңшу өлкөлөргө мыйзамсыз ташылат. АКШ бул өлкөлөрдөгү баңгиликтин өсүүсүнө каршы турбаш үчүн ушул маселеде демилге көтөрбөй келет.
Буга байланыштуу Орусиянын расмий өкүлдөрү Ооганстандагы, анын ичинде бул өлкөдө баңгизат өндүрүшү менен контрабандасын тымызын колдогон америкалыктардын иш-аракетин жана батыш коалициясынын күчтөрүн бир нече жолу сынга алган. Ооганстандагы өндүрүштүн жана баңгизат контрабандасынын кыйла өсүшүнүн алкагында Орусиянын өкүлдөрү өздөрүнүн кайрылуусунун биринде АКШ менен НАТОнун бул жамандык менен күрөшүүдөн баш тартуусун өтө шектүү жана таң калычтуу деп аташты.
Муну менен катар кийинки суроо жаралат: оогандыктар жана аймактын башка өлкөлөрүнүн калкы баңги соодасынын кесепеттерине качанга чейин чыдашы керек? Бул суроонун жообу анык экени талашсыз. АКШ өзү үчүн ооган баңгизат соодасы менен өндүрүшүн жана өзүнүн бардык чыгымдарын алардын эсебинен жабууда пайдалуу деп эсептеп жатканда абал өзгөрбөйт. Кыязы, аймактык өлкөлөр, айрыкча баңгизат соодасынын кайгылуу кесепети менен башкалардан көп кагышкандар баңги соодасын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана АКШнын чоң киреше тапкан бул бизнесин токтотуу үчүн биригиш керек. Антпесе, келечекте бизге оогандун уулуу затын ташуу азаят деп күтүүнүн кереги жок.