Найти тему
Укмуш кабарлар

Жапония учуучу кол чатыр жасап чыгарды

Азыркы замандагы технологиялар менен каалаган нерсени жасоого болот. Жада калса ондогон жылдар бою көз карашыбызга калыпташып калган кол чатырды да өзгөртүүгө болот.

Мисалы, жапондук Asahi Power компаниясы жакында учуучу кол чатырды тааныштырды. Бул кол чатыр ээсин жамгырдан коргоп гана койбой, колун да бошотот. Ашыкча кыймыл жасап жүрбөйт.

Кол чатырдын ичине дрон орнотулган. Кол чатырдын ээси дронду уюлдук телефонуна кошуп, көзөмөлдөп турат. Мындан тышкары, дрон ээсинин чөнтөк телефонунун камерасына кошулат. Asahi Power Service компаниясынын президенти жана негиздөөчүсү Кэндзи Сузуки мындай дейт:

“Учуучу кол чатыр тууралуу ой мага нөшөрлөгөн жамгыр кезинде келди. Ал учурда менин колумда буюмдар бар эле. Азыркы учурда эң негизги максат – кол чатырдын баасын төмөндөтүү жана дрондордун бири-бири менен тийишпей учуусун көзөмөлдөө”.

Учуучу кол чатырдын салмагы 5 кило. Ал эми кубаты 20 мүнөткө чейин жетет. Эми компаниянын серепчилери түзмөктүн салмагын 1 килого чейин азайтып, кубатын 1 саатка чейин жеткирүү тууралуу баш катырып жатышат.

Кол чатырдын баасы 275 АКШ доллары көлөмүндө болуп, дүйнөлүк рынокко 2019-2020-жылы чыгаруу пландалып жатат.