Тажикстандын ислам борбору аялдарын оралдык секске мажбурлаган эркектерди катуу айыптады. Тажикстан ислам борборунун башчысы Саидмукаррам Абдулкодирзода акыркы жума намазы учурунда аялдарын жыныстык катнаштын салттуу эмес түрүнө мажбурлаган эркектер чоң күнөө жасайт деп маалымдаган. Бул тууралуу борбордун расмий сайтында жарыяланган. Дин кызматкеринин сөзүндө, мындай “бузукулуктун” булагы – интернеттеги порнофильмдер. Ислам борборунун кызматкери Джамолиддин Хомуши 11-июнда Саидмукаррам Абдулкодирзоданын бул үгүттөөсүн күйөөлөрүнөн кордук көргөн аялдардын өтүнүчү боюнча жасаганын түшүндүрдү. Борборго келген аялдар Орусиядан келген күйөөлөрү өздөрүн оралдык жыныстык катнашка мажбурлайт экенин айтышкан.
Имам: Аялдарын оралдык секске мажбурлаган эркектер чоң күнөөгө батат
14 июня 201814 июн 2018
739
~1 мин