Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухамедов Рамазан айындагы касиеттүү Кадыр түндүн урматына 600 соттолуучуга кечирим берди.
Бердимухамедов жалпысынан миң адамды камтыган кечирим берүү тууралуу буйрукка 8-июнда кол койгон.
Бошотулгандардын ичинде “Хизмет” коңголоңунун мүчөлөрү болгон деген айып менен узак мөөнөткө соттолгон жарандар да бар. Бирок, алардын анык саны белгисиз.
Орто Азия өлкөлөрүнүн арасында адам санына бөлгөндө эң көп туткун Түркмөнстанда. Бирок, акыркы жылдары Гурбангулы Бердимухамедов кечирим берүүнү салтка айландырып келет. Акыркы жолу быйыл Нооруз майрамынын алдында амнистия жарыялаган.