Албетте, эч ким мындай сырын ачпайт. Эми бир ишенимдүү, жакын санаган адамына эле айтпаса, бул өтө “интимдүү” маселе. Ошентсе да, “төшөктө жолу болбоо” – белгилүү бир убакытта, белгилүү бир себептерге байланыштуу болот. “Менде андай проблема жок” деп төш кагууга ашыкпай коё туруңуз, “жаман айтпай жакшы жок” деген сөз бар. Өзүңүзгө болгон көз карашыңыз негизги роль ойнойт Сымбаты келишкен, идеал өлчөмдөргө ылайык келгендер абдан аз. Эл айта берген 90-60-90 же... (эркектердин параметри кандай эле), жалпы дене боюнан бир кемчилик табылбаган адам болбойт. Эгер “тиги жерим андай, бул жерим мындай”, “өтө арыкмын”, “толуп кеткенмин”, “бутум кыска”, “өтө узунмун” жана башка ушундай ой менен өзүңүздү басынта бере тургандырдын бири болсоңуз, анда сиздин жолуңуз уктоочу бөлмөдө ийгиликтүү боло бербейт. Эркектерден үйрөнүү керек! Алар эч качан уктоочу бөлмөгө өзүнүн бир кемчилин ойлоп кирбейт. Алар төшөктө абдан ишенимдүү болуп чыга келишет. Эң сексуалдуу мүчө - мээ Эң сексуалдуу мүчө дегенде