Найти тему
Укмуш кабарлар

Орто Азияда жаңы Иса пайгамбар пайда болду

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон экинчи Иса Пайгамбар экен. Элбашына мындай даражаны Тажикстандагы жазуучулар союзу төрагасынын орун басары Ато Мирходжа берген.

Мирходжа өзүнүн “Нуристан тарыхы” деп аталган чыгармасында караңгы капаста турган Тажикстанга президент нур чачты деп сүрөттөйт. Ошондой эле, аны Иса Пайгамбар менен салыштырган.

Жазуучу Тажикстан президентин Иса Пайгамбарга теңеп гана койбой, бир нече окшоштуктарын мисал менен келтирген. Анын айтымында, Иса Пайгамбар менен Рахмондун энелеринин аты да окшош – Мариям.

Белгилей кетсек, “Нуристан тарыхы” аттуу чыгарма жузуучунун президентке арнаган алгачкы эмгеги эмес. Январь айында ал “Көчбашчы сөзү – эл тагдыры” аттуу поэма жазган. Анда эл башчысы тууралуу айтып олтуруп, “Рахмон сөз сүйлөгөндө анын сарайы Каабадан да ашып түшөт” деп сүрөттөгөн.