Кыргызстанда орус тилинде сабак берген мугалимдер жетишпейт
“Орус тилин үйрөнүү маселесинде жеке саятчылардын талаптарын эмес, биздин жарандарыбыздын муктаждыктарына таянуу керек”, - дейт Кыргызстандын билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, ал REGNUM агенттигине берген маегинде өлкөдөгү орус тилинин абалы тууралуу айтып берди. Министрдин сөзү боюнча, кээ бир саясатчылардын орус тилинен үйрөнүүдөн баш тартуу чакырыгына карабай, өлкө жетекчилиги мындай жолго барбайт. Тескерисинче – чиновниктер Кыргызстанга ыктыярчы орус тили мугалимдерин жиберүү тууралуу Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.
- Эмне үчүн кыргыз мектептерит менен жогорку окуу жайларында орус тилинде билим берүүнү колдонушут, пайдасы кандай?
- Эгер орус тилин өздөштүрүүнүн пайдасы тууралуу айта турган болсок, анда бул жерден бир нече аспектилерди бөлүп көрсөтсө болот.
Биринчиден, Конституцияга ылайык орус тили Кыргызстанда расмий тил болуп саналат жана тарыхый жактан ал көбүнчө улуттар аралык баарлашуунун тили катары роль ойнойт.
Экинчиден, орус тили дүйнөлүк тилдердин бири болуп саналат, ал дүйнөгө таралуу көрчөткүчү боюнча 6-орунду ээлейт. Бул тилде 260 млнго жакын адам сүйлөйт.
Үчүнчүдөн, баардык дүйнөлүк маалыматтардын 75 пайызга жакыны орус тилине которулат, ал эми 2013-жылдан бери ал интернеттеги эң популярдуу тилдердин арасында экинчи орунда турат.
Алсак, орус тилин билүү бардык – илимий, саясий, экономикалык чөйрөдө ар түрдүү жана бай маалыматтарды алууга же аны мисалы, жеке өзүн өнүктүрүү үчүн колдонууга болот. Орус тилинде билимди Кыргызстан менен Орусияда гана эмес, ошондой эле мурунку советтик өлкөлөрдө, кээ бир чет өлкөлөрдө да алууга болот.
Орус тилин билүү аны жакшы өздөштүргөндөргө артыкчылык берет.
- Сиз кээ бир кыргыз саясатчылары менен коомдук ишмерлердин орус тилинде окутуудан баш тартуу талаптарына кандай карайсыз?
- Кыргыз Республикасынын Конституциясында (45.3-берене) “мамлекет мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен баштап, жалпы негизги билим берүүгө чейин ар бирине мамлекеттик, расмий жана эл аралык бир тилди окутууга шарт түзөт” деп айтылат.
Алсак, орус тилинде билим берүү – же башка тилде окутууда орус (расмий) тилин окуу – биздин жарандарыбыздын конституциялык укугу.
Ал сабак катары орус тилин окутуу үчүн стандарттар, окуу планы жана программалар аркылуу ишке ашат, ошондой эле тил үйрөнүүгө мүмкүндүк берген билим берүү чөйрөсүн түзүү жана аны байланыш үчүн колдонуу аркылуу ишке ашырылып жатат. Орус тилинде окуткан мектептерде тил негизги окуу планына кирген баардык сабактарды окуп үйрөнүү куралы катары кызмат кылат.
Кыргызстан орус тили расмий же жумушчу тилдердин бири болуп саналган КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу уюмдардын мүчөсү экенин эске алганда, Кыргызстандын жарандары орус тилин билүүсү маанилүү.
Бул алар үчүн эмгек рыногун кыйла жеткиликтүү кылып берет, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдө жогорку окуу жайларында билим алууну улантуу мүмкүнчүлүгүн кеңири колдонуу жана илимий изидөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Муну менен, орус тилин үйрөнүү маселесинде айрым саясатчылардын эмес, биздин жарандардын талаптарын эске алуу керек.
- Кыргызстандын бийлиги билим берүүдө орус тилин колдонууну азайтууну пландаштырып жатат деген сөз бар. Ушул чынбу, ушундай пландар барбы?
- Жок, мындай пландар жок. Анан калса, акыркы бир нече жылда негизги окуу планын оптималдаштыруу процесси жүргөндө кыргыз тилинде билим берен мектептерде орус тилинин сааты бешинчи, сегизинчи жана тогузунчу класстарда бир саатка көбөйгөн.
Практика көрсөткөндөй, орус тилин билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде активдүү кодонулуп жатат. ал эле эми, мектептеги билим берүүдө орус тилин үйрөнүүгө болгон талаптар скталып калууда, өзгөчө региондордо. Билим берүүнүн башка деңгээлдеринде дагы ушундай эле көрүнүш сакталууда. Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн Орусиядан кандай жардам келип жатат.
- Орусиядан Кыргызстандагы билим берүү деңгээлин жогорулатуу үчүн кандай жардам келүүдө?
- Жыл сайын Орусиянын жождору Кыргызстандын жарандары үчүн бюджеттик орундарды бөлүп турат.
Иштеген мугалимдер үчүн Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлиги Орусиянын ар кайсы шаарларында орус тили жана адабияты боюнча мугалимдердин стажировка өтүүсү үчүн жыл сайын 125 бюджеттик орун бөлөт (Санкт-Петербург, Москва, Омск, Томск ж.б), ошондой эле 10 жылдан бери орус мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу Кыргыз-Орус славян университетинин базасында жүргүзүлүп келет.
Орус тилин өнүктүрүү жаатында Кыргызстанга “Орус кызматташтыгы” жигердүү жардам берүүдө.
Кыргызстандын орус тили мугалимдерин Пушкин атындагы Орус тили жана адабияты институту абдан тыгыз байланыштырат. 2001-жылдан бери биздин өлкөнүн бир катар мугалимдери Пушкин сыйлыгынын лауреаты болушту. 2012-жылы Бишкекте орус тили жана адабияты мугалимдеринин эл аралык бирикмесинин көчмө жыйыны болуп өттү, Кыргызстандын орус тили мугалимдери бирикменин активдүү мүчөсү болуп саналат.
Кыргызстан жана Орусия ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдердин алкагында “Орус дүйнөсү” фонду менен биргелешип, КРСУда Кыргызстандын улуттук шарттарына ылайыкташтырылган 1-7-класстар үчүн орус тили жана адабияты боюнча китептер көбөйтүлүп басылды жана мектептерге таратылып берилди.
Быйыл Орусия Федерациясынын элчилиги бир нече жылдан бери колдоп келген “Кыргызстандын мектептериндеги орус тил” аттуу методикалык журнал өзүнүн 60 жылдыгын белгилейт.
Биздин окуучулар Орусияда өтүүчү орус тил билермандарынын конкурсуна активдүү катышып келишет, ал тургай анда жеңишке жетишет – анын ичинде “Жандуу классика” сыяктуу абройлуу конкурстар да бар.
Азыркы убакта Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Орусиянын Билим жана илим министрлиги менен орус тилин окутуу жана мектептерде бөлөк сабактарды орус тилиндө өтүү үчүн Кыргызстанга ыктыярчыларды жиберүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Биз Кыргызстандын окутуучулары менен орусиянын билим берүү системасынын өкүлдөрү ортосундагы тажрыйба алмашуу биздин мектептердеги билим сапатынын жогорудашына мүмкүндүк берет деп үмүттөнөбүз.
- Сиз кыргыз студенттерин Орусияга жиберүүнүн азыркы тажрыйбасын кандай баалайсыз?
- 1997-жылы эле “КМШнын бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макылдашуу” кабыл алынган. КМШ бардык өлкөлөрү менен жалпы билим берүү мейкиндигин анын келечектеги чыныгы өнүгүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн билим берүү максаттарын ишке ашыруунун эффективдүү формасы катары каралып жатат.
Кыргызстан жана Орусиянын билим жана илим министрлигинин кызматташтыгы алкагында жыл сайын орусиялык тарап менен 400гө жакын гранттык орундарды бөлөт жана Кыргызстандагы мектептердин бүтүрүүчүлөр арасында конкурс өткөрүлүп турат. Конкурстун жеңүүчүлөрү Орусиянын борбордук жана аймактык мыкты жогорку окуу жайларына тапшыруу мүмкүнчүлүгүн алышат. Биздин балдар орусиялык жарандар сыяктуу жакшы окуганы үчүн стипендия алышат. Алар үчүн билим алуу акысыз.
Ошондой эле, 2013-жылдын майында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин жогорку/жогорку кесиптик билимди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу маанилүү документи кабыл алынган. Дипломдорду өз ара таануу жождун бүтүрүүчүсүнө ишке орношуу үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү алып келет.
Ошондой эле, кыргызстандык студенттер бир гана Орусияда эмес, Белоруссияда дагы билим аларын белгилей кетүү керек. Эки өлкөгө студенттер бир гана максаттык тандоо аркылуу эмес, өз каалоосу менен тапшырышат.
Жогорку билим берүү жаатында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү абдан маанилүү деп ойлойм. Жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруунун азыркы мүнөздүү багытын эске алуу менен, чет элдик жождордогу биздин студенттердин санынын көбөйүүсү, ошондой эле дистанциялык технологияны колдонуу аркылуу каалаган өлкөнүн каалаган жогорку окуу жайында окууга мүмкүндүк берет. Мисалы, Москва угиверситети жакында 30дан ашуун ачык окуу курстарын сунуштады, ушул эле багытта башка орусиялык жождор да бара жатат.
Студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү бул пайдалуу тажрыйба, ал азырынча Кыргызстанда жок жаңы адистиктерди өздөштүрүп гана койбой, башка өлкөлөрдүн маданияты менен жакын таанышууга мүмкүндүк берет.
- Кыргызстанга орус тилин билген мугалимдер, өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө жетиштүүбү?
Бүгүнкү күндө өлкөдө 2236 мектеп иштейт. Ал мектептердин 1423ү – кыргыз тилиндеги билим берет, 551 мектепте орус жана кыргыз тилдүү окутуу класстары бар, 216сы орус тилиндеги мектептер, 43ү өзбек тилинде окутат, 3 мектеп тажик тилинде окутат.
Орус тилинде окуткан мектептерде башталгыч класстарга 109 мугалим жана математика сабагынан 49 окутуучу жетишпейт. Биз ушул жылы бул маселени педагогикалык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн менен эсебинен чечүүнү пландап жатабыз.
Кыргыз тилинде окуткан мектептерде да орус тили жана адабияты мугалимдери жетишсиз – 64 адам жетишпейт.
Педагогикалык багыттагы даярдоолор республиканын 10 мамлекеттик окуу жайында, анын ичинде баардык региондордун жана Бишкектин үч университетинде ишке ашырылат. Орус тилинде окутулган топтордо 4416 студент, алардын дээрлик ар бир үчүнчүсү бюджетте билим алат.
Бул жылы жождордо гранттык орундар орус тилдүү мектептер үчүн мугалимдерин зарылдыгын эске алуу менен түзүлдү.
Мындан тышкары, Кыргызстанда акыркы жылдары көп тилдүү билим берүү программасы жигердүү өсүп жатат. Азыр ага 78 мектеп, 17 бала бакча, 5 педагогикалык багыттагы жогорку окуу жайлары катышып жатат. Бардык пилоттук мектептерде көп тилдүүлүктү өнүктүрүүгө кызыккан педагогдордун тайпасы түзүлдү.
Беш жогорку окуу жайында бакалавр деңгээлинде көп тилдүү мектептер менен бала бакчалар үчүн мугалимдерди даярдоо программасын апробациялоо жүрүп жатат. Кыргызтест менен ТРКО (орус тили боюнча тест чет тил катары) талаптарынын негизинде тилди өздөштүрүү деңгээлин диагностикалык жана жыйынтыгын өлчөө киргизилген. Студенттердин тил даярдыгы боюнча жаңы ыкмалар колдонулууда.
Көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашырган 38 бакалавр топторуна жалпы саны 1295 студент (келечектеги информатиктер, математиктер, жаратылыш таануу, музыка жана дене тарбия мугалимдери) окуйт.
Өзүнүн сабагын экинчи (орус) тилинде өткөн мугалимдер үчүн “Мугалим үчүн орус тили”, окуу жана усулдук куралдарынын практикалык программалары иштелип чыкты. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу Арабаев атындагы университетте жана Ош мамлекеттик университетинде ачылган пилоттук мектептер менен ресурстук борборлордун негизинде жүргүзүлөт.