АКШдагы Пенсильвания университетинде Скотт Халперн (Scott Halpern) жетекчилик кылган окумуштуулардын тобу чылым чегүүдөн баш тартууга электрондук тамекилер жардам бербейт экенин аныкташты.
Зыяндуу адаттан баш тартуунун натыйжалуу жолу – акча сунуштоо болуп табылды.
Изилдөөгө тамеки тарткан алты миңге жакын адам катышкан. Алар ден соолугун жакшыртуу программасы алкагында бир нече топко бөлүнгөн жана ар бир топко тамекиден баш тартуу ыкмасы дайындалып, көзөмөлгө алынган.
Биринчи топко дени сак жашоо салтын кармануунун пайдасы тууралуу мотивациялык маалыматтар айтылса; экинчисине никотин пластырлары менен фармацевтикалык препараттар, мисалга варениклин берилген; үчүнчү топко кошумча 600 доллар берип турушкан. Эгер алты ай бою тамеки чегүүнү ташташпаса, анда акчадан айрылып каласыңар деген шарт коюшат.
Натыйжада, тажрыйбага катышкан топтун болгону 0,1 пайызы гана тамекини таштаган. Эң жакшы көрсөткүч акча алып турган катышуучуларга тиешелүү болгон. Айта кетсек, бул чыгымды өз кызматкерлеринин тамеки таштоосун колдогон ири компаниялар көтөрүшкөн.