Орус тилин Кыргызстандын региондорунда өнүктүрүү керек, ал өлкөгө керек жана муну жашыруунун кажети жок. Мындай көз карашын республиканын парламентинин СДПК фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров билдирди. Саясатчынын сөзүндө, Кыргызстанда орус тили чоң роль ойнойт. “Борбордо миллиондон ашык адам жашайт. Окутуу борбордогу мектептердин 80 пайызында орус тилинде жүргүзүлөт. Буга өлкөдө кыргыз тилине караганда, орус тилиндеги китептер менен сапаттуу окуу программалары себеп болуп жатат. Зулпукаров өлкөдө кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн орус тилинен баш тартпоо керек, ал эми тескерисинче орус тилине көбүрөөк көңүл бөлүү зарыл деп эсептейт. Мамлекеттик тилде сабактарды окутуунун материалдык базасында көйгөйлөр бар экендиги жашыруун эмес”, - деп тактады. “Бишкекте бул боюнча көйгөй жок, бирок региондордо бар. Мисал келтирейин. Мен Ош областынын Ноокат районунда көп болом. Бул өлкөнүн түштүгүндө. Мектептерде орус тилинин ролун күчөтүү боюнча ата-энелер тарабынан көп сунуштар түшөт. Себеби,
Кыргызстандын айыл жашоочулары окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерди ачууну суранып жатышат
3 июня 20183 июн 2018
54
1 мин