Евразиялык аналитикалык клубунун төрагасы жана эл аралык иштер боюнча Орусиялык кеңештин серепчиси Никита Мендкович ЕАЭБдеги Кыргызстандын интеграция процессинде орус тилинин ролу тууралуу айтып берди. Маектин жүрүшүндө Мендкович, Кыргызстанда тышкы байланыштар үчүн негизги тил болуп орус тили саналарын белгиледи. Анын сөзүндө, ички жумуш берүүчүлөрдүн сунуштары тартыш болгондуктан, көпчүлүк кыргызстандыктар Орусияда ийгиликтүү иштер менен алек болушууда. Орус тилин билүү аларга иштөөгө гана эмес, мансап тепкичи боюнча өйдө көтөрүлүүгө, башкаруучу кызматтарга ээ болууга мүмкүндүк берет. “Кыргызстанда орус тилинде сабак өткөн класстар толуп гана калбастан, ал тургай бул жаатта орундар жетишсиз. Чынында, орус тили – бул багуучу тил жана анын билими – бизнес жүргүзүүдө маанилүү коммуникативдик артыкчылык болуп саналат”, - деди Мендкович. Ал тышкы соода байланыштарынын эң чоң үлүшү орус тилинде болорун жана ал өлкөнүн адамдын, табигый жана экспорттук-географиялык ресурстарын максималд
Саясатчы: орус тилин билүү кыргызстандыктарга жакшы акча табууга жардам берет
31 мая 201831 мая 2018
64
~1 мин