Найти тему
Укмуш кабарлар

Жумушта бир орунда козголбой олтура берген адамдар кандай ооруга чалдыгат?

Милан жана Павия окумуштуулары жумушта бир орунда олтурууга мажбур болгон адамдардын ден соолугуна кандай зыян келерин аныкташты.

Чычкандарга тажрыйба жүргүзгөн изилдөөчүлөр аларга арткы бутун 28 күн бою колдонууга мүмкүндүк беришкен эмес. Натыйжада чычкандарга бардык шарт түзүлгөнү менен, алардын бир орунда кыймылсыз жатуусу өз таасирин тийгизген.

Чычкандардын мээсине жаракат келип, нерв системасы бузулган. Окумуштуулар жумушта бир орунда олтура берген адамдарга көчөдө көп сейилдөөгө кеңеш беришет.

Андай жасабаган учурда, склероз же атрофия оорусуна чалдыгышы мүмкүн.