Касиеттүү Рамазан айы жай айларына туш келгендиктен, күн ысык болуп жатат. Ооз бекиткендер курсагы ач болбогону менен, кээде суусаганда чыдабай каларын айтып калышат. Буга байланыштуу орозо учурунда суусабай жүрүүнүн амалдарын сунуштайбыз.
1. Жемиштерди көбүрөөк пайдаланууга аракет кылыңыз.
2. Ооз бекитерде бир чымчым туз салынган туздуу суу ичсеңиз, күн бою чаңкабай жүрөсүз.
3. Орозо учурунда өтө ачуу, туздуу, куурулган, майлуу жана таттуу азыктардан баш тартыңыз.
4. Мөмө-жемиштер адам организмине пайдалуу болгону менен, орозо учурунда суусатышы мүмкүн.
5. Чай, кофе, газдалган суусундукту ичпей эле койгон туура.