Замандын талабына ылайык адамдар эмгек менен тапкан акчасын топтоону үйрөнүшү керек. Бирок, көпчүлүгүбүз ниеттенип аракет кылганыбыз менен үнөмдөй да, жыйнай да албайбыз. Каржы жыйноону кантип үйрөнүүгө болот?
Максат коюу
Каржы чогултуудан мурун биринчи анын эмне үчүн керектигин аныктап алыңыз. “Ким билет, керек болуп калар” деген максат болуп эсептелбейт. Себеби күн ара “керек болуп калар” учуру пайда болуп, акча жумшалат. Ошондойбу? Ошондуктан, “унаа, үй алууга, саякатка, бизнеске” деген сыяктуу анык максат коюңуз.
Мөөнөтүн белгилөө
Максатыңызды аныктагандан кийин, анык мөөнөтүн белгилеңиз. Мүмкүнчүлүгүңүздү, каржы суммасы менен болушу мүмкүн “форс-мажорлорду” эсептеңиз.
Сумманы эсептөө
Максатыңыздын баасына карай ай сайын топтоого калтыруучу акчанын суммасын анык эсептеңиз. Өзүңүздү алдабаңыз, эгер чогулта албай турган сумма болсо, мөөнөттү көбөйтүп, аз-аздан жыйнаңыз. Тартипке багынып, ай сайын белгиленген сумманы жашикке салып туруңуз.
Чыгымды азайтуу
Келечекте бир нерсени сатып алгыңыз келсе, чыгымдын өлчөмүн азыр азайтууңуз керек. Бул акча чогултуунун мыйзамы. Бекер короткон акчаңызды (кыдыруу, кереги жок нерселерди алуу, оюн-зоок ж.б) эсептеп, келерки айда ошол сумманы сактап калууга аракет кылыңыз. Жумасына бир жолу кафеде тамактангыңыз келет чыгар. Бирок, андай жерде жумшалган каржыны үнөмдөп, азык-түлүк алып, үйдө тамактанган туура.
Бюджет эсебин пландоо
Киреше менен чыгашанын эсебин жүргүзүп, бюджетти пландай турган болсоңуз, акчаны жыйноо да оңой болот.
Анык эсептин аркасында чыгым да азаят. Ушул талаптардын баарын аткарсаңыз, белгиленген мөөнөттө керектүү акча суммасын топтойсуз. Ишиңизге ийгилик!