Найти тему
Укмуш кабарлар

Кокустан түндүктөн соккон шамал

Тажикстанда өткөн жылдын август айынын аягында орусиялык мугалимдердин үч чакты десанты түшүрүлдү. Тилчилер, биологдор, химиктер, математиктер, физиктер, информатика жана башка сабактардын мугалимдери. Алардын кээ бирлери Дүйшөмбүдөгү мектептерде иштеп жатышат. Башкалары Тажикстан боюнча тарап кетишкен. Ал эми кээ бирлери ар бир эле саякатчы барууга даай албаган Памирдеги Тоолуу Бадахшанга барып иштеп жатышат. Алардын баары бул орто азиялык республикага эки өлкөнүн өкмөтү менен макулдашылган, “Орус дүйнөсү” фонду тарабынан демилгеленген программа боюнча келишкен. “РР” кабарчылары программанын катышуучулары Костромалык жубайлардыкында конок болушту жана бул демилге Орусияга, Тажикстанга жана эң башкасы өздөрүнө эмнеге керек экенин айтып беришти.

Кандай жек көрүүчүлүк

Биз Дүйшөмбүдөн Гиссар шаарчасына чейин жарым саатта жетебиз. Жолдо бизди МАИ кызматкерлери айыппул үчүн эмес, кызыгуучулуктан улам токтотушат. Москванын номери менен жүргөн унааларга карап, аларга ушундай алыска эмнеге машина менен баруу керектигин билүү кызыктуу. Маичилер орус тилин жакшы билишпейт. Түр үчүн алар камсыздандыруу менен укуктарды айтышат жана акырын адашкан көздөрү менен бизди бул жердеги келгиндердей карап чыгышат. Андан кийин себебин биле албай коё беришет. Бизге Игорь менен Ольга Криныцындардыкына бара жаткан элек.

Мына, бийик дубалдар менен курчалган президенттик мектеп. Типтүү. Мындайлар република боюнча көп курулуп жатат. Туурарагы мектеп эмес, комплекс. Чынында мектептин имаратында программанын катышуучулары үчүн эки жатакана, мугалимдерге арналган эки үй, ашкана бар. Кампуска окшош. Эртең мененки ысыкта мемиреген күзөтчү жүдөйт. Кире бериште – бизге буга чейин Эмомали Рахмонов катары белгилүү болгон, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун сүрөтү илинүү.

Анын сүрөтү көргөн адамга жаңы конуштар эле эмес, мурда Коммунизм чокусу болсо, азыр Исмоил Сомони деп аталган чокудан да бийик болуп көэрүнөт.

Мектепке кирүү мүмкүн эмес – канчалаган министрликтин жана мекемелердин макулдугун алуу керек. Бирок, анын анчалык деле зарылчылыгы жок. Азыр каникул, баары Ноорузду майрамдоого кетишкен, бул майрам азия элинде Жаңы жыл болуп саналат.

Биз дубалды айланчыктап жатканда, тогуз кабаттуу имараттын балконунда эркек кишинин турпаты пайда болду жана биз жакка карап кол жаңсай баштады. Анын орустарга гана таандык сакалы боюнча Игорь экенин таануу кыйын болгон жок. Ал эми анын ийининен кара чачтуу Ольга жыймайып башбагып карады.

Кан, жер – кантсе да бул күч. Өзүңдөн мындай кусалыкты күтпөйсүң: анткени мекендештерди көрө элегибизге болгону беш күн эле болгон, өз жашоомдо эмес, башканын ичинде болгондой болду, ал эми көз көнгөн образын көргөнүнө ушунчалык кубанды.

— Кеттик, кеттик, - деп биз дагы жогорудагылардын жообуна кубана кол булгаладык.

Буюмкордук

Биз буга чейин айылдарга барып көрдүк, көчөдө уктадык, палоону колубуз менен жедик, даарат кагазынын ордуна жергиликтүүлөр сыяктуу ак чопонун кесектерин пайдаландык. Албетте, жакырчылыктан эмес, журналисттик кызыкчылык үчүн. Сыныктан башканын баары жугуштуу дегендей. Кармоочу бар кирме, электроника менен жогорку ылдамдыктагы лифт, ремонттон кийинки чыккан жыт.

— Кофе? — деп Игорь кире бериштен сурады. Жердештерине эмне керек экенин жакшы билет. Антпесе, буга чейин барган жердин баарында чай, чай жана да чай ичтик. Кайсы жерде болбосун, дайыма күнүнө жүз жолудан. Игорь жароокер. Өзүнө кам көрөт окшойт. Жок, кам көрбөйт экен: тигине столдо тамекинин пачкасы. Жубайлардын экөө тең өз жашынан жаш көрүнүшөт. Биз болгону жакшы сакталганбыз деп күлүштү.

Оо, азыр гана байкадым: Игордун сол кулагында сөйкө бар экен! Анчалык чоң эмес, бирок көрүнүп турат. Анткени, күн шооласында жылтырап турганын байкоого болот.

Сөйкөңдү сурап, тажатышкан жокпу деп сурадым. Жок деп жооп берди ал. Болгону үч жолу болду. Биринде – бир кичинекей бала сурады, бирде базарда бирөө тийишти жана жакында илимдер академиясында карыя сөз болду деди. – Сиз мындай учурларда эмне деп жооп бересиз?

— Орус эли абдан көп кырдуу жана ар түрдүү болот. Бул биздин үй-бүлөлүк салт. Чоң атам мага сөйкөнү 18 жашымда салган жана бул модада бааланчу эмес. Мен болгону тукумубузданы акыркы эркекмин.

Кринициндердин тогузунчу этажда кызматтык эки бөлмөлүү батири бар. Бийик, питердик шыптар. Эмеректери аз, негизинен буга чейин бул жерде болгонун пайдаланып келишет; өзүбүз аз сатып алдык, каражат сарптагысы келбегенин түшүндүрүштү: себеби бул жерде канча жашап-иштерибиз белгисиз. Ал эми килемдер дээрлик түлөп кеткендиктен алып салдык – чаң чогултуунун эмне кереги бар, кийин тазалаганча, ушундай эле болгону жакшы, бир жагынан ысык.

Дубалдардын биринде дүйнөнүн саясый картасы илинип турат. Мурду жашаган география мугалиминен калган.

Алардын кенен залында түштөнүүчү стол, ага стулдар жана эмерекке тиешелүү майда бир нерселер бар. Жанында таасир калтыруучу бир нече балдардын сүрөтү турат. Жалпысынан алганда спарталык шартта шжашашат.

Ал эми Ольга баарын билип иш кылары байкалды. Бул жакта элдер эмне менен жашайт экенин көргөндөн кийин биз өзүбүзгө ушуну ойлоп таптык. Буюмдарга болгон мамилебизди кайра карап чыктык дейт.

— Тажиктер: эмнеге орустардын үй-бүлөсүндө балдар аз болот деп бирде сурап калышты. Акыры аларда тигине канча – төртөө-бешөө, - дейт Ольга. —Чын эле – эмне үчүн? Ойлонуп, ойлонуп, баары биздин коом керектөөгө жулкунуп киргенден улам деп чечтик. Же аны-муну сатып алуу керек... Жаңы телевизор, машина, мектепте жек көрүнбөш үчүн балага жаңы телефон. Бала төрөгөндүн ордуна мына ушул иштерди кылабыз. Жалпысынан балдарды буюмга алмаштырып салганбыз.

Криницындер январдагы каникулда Костромага барып келишкен, алар эми өз үйүнө жаңы көз менен карашып, буюмдарынын жарымысыз деле канааттанып жашаса болорун түшүнүшкөн сыяктуу.

— Ошентип түп тамырынан өзгөрдүңүздөрбү?

— Сиздер кандай ойлойсуздар. Эгер алар жерде уктап, италиялык бут кийим эмес, көлөч кийип жүрүшсө, анда алар бактысызбы? Алардын үй-бүлөсүн караңыздарчы – баары жайдары жана бар нерсесине ыраазы болуп жашашат. Баары баалуулуктардан көз каранды.

Биримдиктин үч көзөнөгү бар

Криництер кантип бул программанын катышуучу болуп калышты? Ольга политехникалык колледжде иштечү, ал кесиби боюнча орус тили жана адабияты боюнча мугалим. Кеңешме болуп, жетекчи айтып калды: элдердин достугун калбына келтирип, өнүктүрүүдө мугалимдер үчүн Тажикстанга барып иштей турган программа бар деп. Бул ой дароо Ольганын башын ээлеп алат. Ачык формасы жок, бирок бекем. Үйүмө келип, күйөөмө айттым. Бирок, анегдот сыяктуу тамашадан катары айттым... Бирок, ал бул сунушту таптакыр башкача кабыл алды. Алтымышынчы жылдары Тажикстандын Кулябында кызмат өтөгөн Игордун атасынын коон-дарбыз, тоо булактары жана эшектер тууралуу айткан окуяларын ошол замат эстедик.

Ошентип алар анкета жөнөтүшөт. Баары өзүнөн өзү дал келди. Ал – мугалим. Күйөөсү дагы мугалим, Кандай даражада экенинне баа берүү кыйын. Игорь Шарья шаарынан болот, билими боюнча биолог, Кострома университетинде эмгектенген. Кийин Шарьяда университеттин филиалы ачылып, ошол жакка аны жети жылга директордун орун басары кылып жөнөтүшкөн. Кийин Костромага кайтып келип, ошол жерде биофактын деканы болуп иштеп калат. Бирок, андан кийин аң улоо фирмасында биоресурстар боюнча кеңешчи болуп иштедим.

Ольга Кострома облусунда жыл мугалими наамына ээ болгон. Жалпысынан жөнил менен айтканда, Криницындардын үй-бүлөсүн шаарда жакшы билишет. Ошол үчүн алардын анкетасын кабыл аларына күмөн саноо болгон эмес. Ойлогондой эле болот. Алар мунун баары өздөрү менен болуп жатканына, бул аларга керек экенине, алар муну чын эле каалап турганына аягына чейин ишенишкен эмес. Үйүн, жакшынакай дачасын картошкалары менен, мергенчиликти, итин таштап, баласын жалгыз калтырып кетиши керек эле. Кайдагы Тажикстан, кайдагы мугалимдик. Айтматовдун Кончаловский тарткан “Биринчи мугалим” тасмасындай эле. Мындай чоң бурулуштуу иштер аябай эле көп болот: аны кыймылдатасың, баарына жүз пайыз ишенбейсиң.

Буга чейин алар Тажикстанда болгон эмес. СССР картасында жана кыялында гана көрүшкөн.

— Кушка?

— Туура: “Биримдиктин үч көзөнөгү бар: Термез, Кушка жана Мары”.

Бирок, мындай мүмкүнчүлүк болсо, тобокелге барууга эмне үчүн болбосун? Барып, көрүп жана иштеп көрүү керек. Мугалимдер программасы боюнча орусия тараптан 60 миң рубль, тажиктерден 14 миң алышат.

Буга кошо коммуналдык төлөмдөрсүз турак үй, медициналык камсыздандырууга ээ болушат. Тажикстанда жайгашкан Орусиянын Коргоо министрлигинин 201- дивизиясында дарылана алышат.

— Менин эжемди жогорку окуу жайды бүткөндө, көркөм графикалык факультеттен кийин Өзбекстанга мугалим кылып бөлүшкөн, - дейт Ольга, - эжем үйгө ошол жактан ошондо эле качып барган, анткени аны колукту катары уурдагысы келишкен. Ал эми Өзбекстан болсо жаныбызда. Мен ал тургай карыздар менен эсептешүү кызык болот деп ойлодум.

Чукул тобокелге бардык

Игорь менен Ольганын Кострома университетинде зергер-дизайнерге окуган 19 жаштагы кызы бар. Ал ата-энесинин планы тууралуу билгенде, умтулгула, силер бир нерсени өзгөртүшүңөр керек деп айтат. Анан дагы ким мындай куракта ата-энесинин көзөмөлү азыраак болуп, өз алдынча болууну каалабасын!... Университетте андан ата-энесинин иши жөнүндө сурап турушат. Кызы ата-энеси менен сыймыктанат сыяктуу.

Мына ушундай болду. Алар өздөрү байкабаса дагы ичинен авантюрист болуп чыга келишет. Бири Гиссарда тил үйрөтсө, экинчиси – биология менен химиядан сабак берет. Мындан тышкары, Игорду Тажик Республикасынын Илимдер академиясына жарым ставкага Ботаника, физиология жана генетика институтуна кабыл алышат. Анын бул жакты эски илимий байланыштары бар эле. Баяндама менен чыгып сүйлөөгө чакырышат. Ошентип, Академиянын кызматкерлери менен таанышып калат.

Ийгилик деген шундай болушу керек! Бул ага илим менен алектенүүгө, профессиалдук түрдө саякаттоого, биолгиялык коллекцияларды чогултууга мүмкүнчүлүк берет.

— Сиздердеги негизги себеп кандай: акчабы же кызыктуу күндөрбү?

— Кызыктуу күндөр, - деп жубайлар бир ооздон жооп беришти.

Бул мына ушундай, муну ар дайым ийгилик коштоп жүрөт, деп күлөт Ольга.

Эгер бир эле жумуш болсо, Игорь бул жакта зеригип кетмек. Ал табиятынан бир нерсеге кызыкпай тура албайт.