Жеңил бут кийим кийген мезгил келгенде кыз-келиндердин көпчүлүгүн тамандын жарылуусу тынчын алат. Кооз ары жагымдуу бут кийимди сатып аларда сөзсүз түрдө тамандагы проблемага карашат. Кесилген таман өзүңүзгө ыйгайсыз жаратары анык. Ошондуктан, айласыз арты жабык бут кийимди тандайбыз. Бул көйгөйдөн арылуу жолу бар. Башкача айтканда, таманыңыздын жарылганын бир жумада айыктырууга болот. Ал үчүн төмөндөгү кеңештерди кылдат окуп чыгып, көңүл коюп жасаңыз. Төмөндө жарылган таманды дарылоонун бир нече ыкмасын сунуштайбыз. 1 – ыкма Туздуу суу менен бутуңузга буулоо жасаңыз. Суу жылуу болуш керек. дарылоо убактысы – 20 – 25 мүнөт. Туз скрабдын кызматын аткарса, ал эми суу терини жумшартат. Андан кийин таманыңызды кыргыч менен кырып, тазалап аласыз. Дарылоодон кийин бутуңузду сүлгү менен арчып, аары момун же балдар кремин сүйкөп жатыңыз. 2-ыкма 2 аш кашык майлуу быштакты, 2 аш кашык каймак менен 2 аш кашык балды аралаштырыңыз. Даяр болгон килкилдекти тамныңызга шыбап, 20 мүнөт жатасыз. Бел