Швед парлементи өлкө жашоочуларына жыныстык катнашка баруу үчүн алдын ала уруксат алууга милдеттендирген мыйзам кабыл алды. Бул тууралуу The New York Times басылмасы кабарлайт.
“Жыныстык катнаш макулдашылган түрдө болушу керек. Андай болбогон учурда мындай аракет зордуктоо деп таанылат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Мыйзам анык ооз эки же физикалык макулдукту алууну көздөйт жана өлкөдөгү сексуалдык кылмыштарды азайтууга салым кошот. Швеция жыныстык катнашты уруксат менен мыйзамдаштырган Европадагы 10-мамлекет.
“Заманбап мыйзам бүгүнкү күндөгү мамилелердин негизинде жасалган. Сиз менен бирге жыныстык катнашка барган адамдын чын эле ошого макул экендиги маанилүү.
Бул идея Швециянын бардык мырзаларынын мээсинде калыптанышы керек”, - дейт юстиция жана миграция министри Морган Юханссон.
Биринчи июлда мыйзам күчүнө кирет. Ошондон баштап арыз берүүчүлөр анык уруксаттын берилгенин далилдеши керек болот. Ал эми мурунку мыйзамга ылайык, прокурорлор жабыр тарткандардын кандай абалда азап чеккенин, зордук-зомбулук белгилеринин бар-жок экенин текшерүүгө милдеттүү болот.
Жыл сайын жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, Швециянын бойго жеткен калкынын 2,4 пайызы зомбулукка кабылат. Сексуалдык зомбулуктан жапа чеккендердин саны 2012-жылдан бери үч эсеге өскөн.