“Аялды башынан, баланы жашынан...” деген сөз бар кыргызда. Бала тарбиясында кичинекей кезинен баштап калыптанган сапаттар денесине тез сиңип кетерин билебиз. Бирок, анык эмне кылуу керек, эмнени үйрөткөн туура, ошол жагын баарыбыз биле бербейбиз. Ошондуктан, назарыңыздарга кичине балага эмнени үйрөтүү керектиги тууралуу материалды сунуштайбыз. 1. Жакын адамга камкордук жасоо, жардам берүү, боорукер болуу. Ушул сапаттар адамга кичинекей кезинен баштап сиңе бериши керек. Наристе анын жардамынын камкордугуна да муктаж адамдар бар экенин билиши керек. “Бир жакшылык жасап, анын ордуна белек аласың” деп үйрөтүү – чоң ката. Анын ордуна адамдар бири-бирине жардамдашуу керек экенин түшүндүрүп, мунун адамгерчиликтин башкы белгиси экенин өз иши менен далилдеп туруу керек. 2. Өз катасын мойнуна ала билүү. Биз “кечир” деген бир ооз сөздү айтуунун канчалык оор экенин билебиз. Ал эми балага бул өтө татаал экенин эскертүү керек. Бала өзүнүн аракети менен бирөөнү таарынтып койгонун түшүнсө да, ал ан