Кытайда Рамазанга тыюу салып, мусулмандарды чочко этин жегенге мажбурлоодо. Коңшу Кытай өлкөсүндөгү мусулмандарга көрсөтүлүп жаткан кысымдар тууралуу көп жолу айтылып да, жазылып да жатат. Жергиликтүү басма сөз басылмалары менен катар, дүйнөлүк ЖМКлар да бул темаларга бир нече макалаларын жазышты. Бирок, андан Кытайдагы мусулмандардын абалы жакшырып кетти деп айтуу кыйын. Бир нече жыл катарынан Кытай бийлиги мусулмандардын диний жөрөлгөлөрдү карманууга тоскоолдук жасап, түрдүү мыйзамдар менен тыюу салып келүүдө. Буга чейин мечиттерди бузуп, касиеттүү Куранды өрттөгөн борбордук бийлик, мына беш жыл катарынан Рамазан айында кысымдын ар кандай түрүн арттырууда. Алар мусулмандар орозо кармабаш үчүн түрдүү кыйтырлыктарга барууда. Атап айта турган болсок, алар Рамазан айында атайын жалпыга ортодо түшкү тамакты ичүүгө милдеттендирген. Түшкү тамакты ичүүдөн баш тарткан адам жоопкерчиликке тартылып, ал тургай “тарбиялоо лагерлерине” да жөнөтүлөт. Түшкү тамакка муну менен катар Ислам динин
Кытай бийлиги орозо кармоого тыюу салып, чочко этин жегизүүдө
24 мая 201824 мая 2018
313
1 мин