Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
Укмуш кабарлар

Кыздын көз жашына калган “салт”

Бүгүнкү күндө социалдык тармактардын башкы темаларынын бирине айланып жаткан маселе – “Кыз ала качуу”. Салт менен акылдан чаташып, салттан жапайычылык жасап алып жүргөн бүгүнкү жоопсуз муун адам уурдоого барып жатат. Бул – кызды өзүнүн жана ата-энесинин макулдугу жок алып качып кетип, зордук менен никесин кыйдыруу. Мындай аракетке кандай жигиттер барат? Кыздын макулдугун тынч жол менен алып, ата-энесинен ак бата суроого батымдуулугу жетпеген жигиттин мунунсун кандай түшүнүүгө болот? Кушун зомбулук менен колуна кондурган жигиттердин психологиясы кандай? Мындайга барган жигиттердин көбү жоопсуз, ары өзүнө-өзү ишенишпейт. Алар өздөрүнүн келбет, мүнөзү менен же башка да аракеттери менен кызды “сындырып” алууга алсыз келишет. Ошентип, сөзүн эки кылбаган досторунун жардамына кайрылат. Албетте, кыздын макулдугу менен үй-бүлө курган жигиттин мындайлардан чапаны жогору илинүү турат. Сүйгөнүн зордоп алып качкан жигиттердин кээ бири социалдык теңсиздиктен коркот. “Байдын кызын” өзүнө материалд

Бүгүнкү күндө социалдык тармактардын башкы темаларынын бирине айланып жаткан маселе – “Кыз ала качуу”. Салт менен акылдан чаташып, салттан жапайычылык жасап алып жүргөн бүгүнкү жоопсуз муун адам уурдоого барып жатат. Бул – кызды өзүнүн жана ата-энесинин макулдугу жок алып качып кетип, зордук менен никесин кыйдыруу. Мындай аракетке кандай жигиттер барат? Кыздын макулдугун тынч жол менен алып, ата-энесинен ак бата суроого батымдуулугу жетпеген жигиттин мунунсун кандай түшүнүүгө болот?

Кушун зомбулук менен колуна кондурган жигиттердин психологиясы кандай?

Мындайга барган жигиттердин көбү жоопсуз, ары өзүнө-өзү ишенишпейт. Алар өздөрүнүн келбет, мүнөзү менен же башка да аракеттери менен кызды “сындырып” алууга алсыз келишет. Ошентип, сөзүн эки кылбаган досторунун жардамына кайрылат. Албетте, кыздын макулдугу менен үй-бүлө курган жигиттин мындайлардан чапаны жогору илинүү турат.

Сүйгөнүн зордоп алып качкан жигиттердин кээ бири социалдык теңсиздиктен коркот. “Байдын кызын” өзүнө материалдык жактан тең келбесин эске алып, макулдук бербейт экенин билип, ушундай кадамга барат. Бирок, мыйзам куугандар кызынын укугу үчүн сотко арызданса, муну кылмыш деп эсептесе, абал татаалдаша түшөт. Анткени, мурунку заман менен салыштырганда мындай иштин көбү сот олтуруму менен аякталып жатат.

“Биз да ушинтип келгенбиз”

Бул жеңелердин болочок келиндерин ушул үйдө калып, кайнисине тийүүгө үгөттөгөн эң өтүмдүү сөзү. Ооба, алар да дал ушул жол менен келген чыгар. Бирок, ошентип келгендердин бир мактанарлык жери – бала-чаксы гана. Басып алып качып кетүүнүн курмандыгына айланган сулуулардын көбү жашоосунан ырахат ала алышпайт. Бири-бирин билбей, мүнөздөрү менен жашоосу шайкеш келбеген түгөй өз ара шайкештик таба албай кыйналат. Дүйнөгө сүйүүсүз бала келет. Мындай үй-бүлөдө чыр-чатактар көп орун алып турат. Мындай үй-бүлөлөрдөн “каалаган кызыңды алып качып кетүү аркылуу үйлөнүүгө көндүрсө болот экен го” деп ойлогон уул балдар өсүп жетилет.

Бирок... Ооба, алып качуунун аркасында мүнөзү төп келген далай түгөй бар экенин биз да билебиз. Бирок, андайлардын көп эмес экендигин моюнга алыш керек.

Муну менен алып качуунун курмандыгы болуп, айласыз жат бүлөнү аттаган кыздын чачпагын көтөрүп, “Тур да, кайт үйүңө” дегибиз келбейт. Ар кимдин өз жолу, өз тагдыры бар. Өмүрдүн маанилүү буйругу жана жаңы жашоонун башталышы болуп саналган үйлөнүү салтына кээ бирөөлөрдүн көз жашын аралаштырбайлычы, жигиттер!