Найти тему
Укмуш кабарлар

Сиз билесизби, дарыгерлердин кол жазмасы эмнеге түшүнүксүз?

Медицианалык документтердеги, карталардагы жазууларга көзүңүз түшсө, аны оңой менен окуй албайсыз, жазылганы начар, ары түшүнүксүз. Бул жазылгандарды өздөрү түшүнөт болду бекен деген ой келет. Мунун себеби эмнеде? Алар өтө көп жазышат, ал тургай ашыкча жазышат. Ооруканада хирургдун кабыл алуусунда он мүнөт, терапевтке он эки эле мүнөт берилет. Алар ушул саналуу мүнөт ичинде оорулуну карап, абалын текшерип, баардыгын кагазга түшүрүп үлгүрүүгө тийиш. Мындайда бат-бат кыймылдабаса, калгандарын кабыл алууга үлгүрбөй калат.

Убакыт тар болуп жатканда, кооздоп жазып олтуруу мүмкүн эмес. Эл арасында ооруу тууралуу жазылгандар прокурорду да кайдыгер калтырбайт деген тамаша бар. Себеби кырсыктуу окуялар катталса, баардыгын башынан баштап текшерүү керек болот, дарыгердин жазгандарынын баары дээрлик текшерүүдөн өтүп, ал ката кетирдиби же жокбу аныкталат. Бул коркунучтуу учур. Ал тургай тарых барактарында төмөндөгүдөй учурдар кездешет. Бир дарыгердин жазганын экинчи дарыгер түшүнбөгөндүктөн, дарылоонун кийинки этабы туура жүргүзүлгөн эмес. Окуянын аягы сотко барып такалган, ал эми оорукана ошол үчүн айыппул төлөөгө мажбур болгон.

Бирок, негизинен көп учурда башкаларга караганда дарыгерлерге бири-биринин жазганын түшүнүү жеңилирээк болот, логика боюнча, баардыгы түшүнүктүү жазууга айланат. Өзү түшүнбөй жатса, башка кесиптештеринен сураса болот. Бирок, тажрыйба аркылуу дарыгерлер бири-биринин кол жазмасын жазбай тааный турган деңгээлге жетишет.

Кол жазмагаа карап, мүнөзүн билсе болот деген сөз бар. Байкаганыңыздай, мүнөзү сабырдуу, туруктуу дарыгерлер аз кездешет. Себеби оорулуу адам – ачуулуу. Абалы оор адамдар менен баарлашкандан кийин, алардын да эмоциясына, маанайына таасир этпей койбойт. Аларга да түшүнүү менен мамиле жасоо керек.