Саламатсыздарбы?! Менин атым Алина. Жашым 26де. Мен жүрөк өйүткөн маселени сиздер менен бөлүшүп, кеңеш суроону туура көрдүм. Анткени, бул маселени өзүм чече албасыма көзүм жетти. Мүмкүн, сиздер бир айласын таап, жардам берет деген терең ишенич менен жазып жатам. Мен мындан 3 жыл өзүмдүн сүйүктүүмдү кезиктирдим. Мен жаңы окууну бүтүп, жумуш издеп жүрүп бир компанияга кассир болуп жумушка орноштум. Ошол жерден азыр сүйлөшүп жүргөн жигитим менен тааныштым. Башында аны жумуштагы кесиптеш катары кабыл алып жүрдүм. Бирок, кийинчерээк экөөбүздүн мамилебиз кандайча жакын болуп кеткенин байкабай калдым. Муну анын мага жасаган камкордугу, мээримдүүлүгү, бир сөз менен айтканда эркектик сапаты менен түшүндүрсөм болот. Экөөбүз бири-бирисиз жашай албайт экенибизге көзүбүз жетип, үйлөнөлү деп чечтик. Ушул жерден бир нерсе менин тынчымды алат, себеби жигитим орус улутунан болгондуктан, ата-энем аны кандай кабыл алат деген суроо ойлондуруп жатат. Атам дин жолундагы адам жана ал муну туура кабыл алб
Жигитимдин мусулман эмес экенин атама кантип айтам? (Кыргызстандык кыздын шилтемелери)
16 мая 201816 мая 2018
395
1 мин
