Окумуштуулар кыска толкундуу меште тамакты ысытуу тукумсуздукка, диабетке жана залалдуу шишиктерге алып келиши мүмкүн экенин айтып, коңгуроо кагышты. Бул тууралуу limon.postimees.ee сайты кабарлайт.
Нью-Делидеги Indira IVF Hospital ооруканасында иштеген индиялык окумуштуулар кыска толкундуу меште тамакты пластикалык идиште ысытууга болбойт экенин айтышууда.
“Пластикалык идиште тамак ысытуу артериалык басымдын туруксуздугуна, тукумсуздукка, диабетке, семиздикке жана залалдуу шишиктерге алып келиши мүмкүн”, - дешет изилдөөчүлөр.
Алар тамакты ысытуу учурунда идиштеги 95% химикат тамакка таратыларын айтышты.