Тил үйрөнүүнүн, өзүбүз ойлоп таап алган кыйынчылыктардан башка эч кыйынчылыгы жок. Като Ломб – эң биринчи синхронддуу котормочулардын бири, ал 16 тил билген. Төмөндө Като Ломбдун чет тилин үйрөнгүсү келгендерге кыска, ары нуска кеңештерин сунуштайбыз. 1. Жаңы тил үйрөнүү үчүн ал тил менен күндө алектенүү керек. Айрыкча эртең мененки убактар пайдалуу болот. Убакыт жетпей жатса, жок дегенде 10-15 мүнөт бөлүп, бир нерсе окуу керек же өткөн сөздөрдү кайталоо керек. 2. Тил үйрөнүүгө болгон кызыгуу жоголуп баратса, өзүңүздү зериктирбөөчү бир ыкма ойлоп табыңыз. Мисалы, үйрөнүп жаткан тилиңизде музыка угуңуз, фильм көрүңүз, кичине эс алып сейилдеп келиңиз, андан кийин кайра улантыңыз. Бирок, эч качан таштап койбоңуз. 3. Сөздөрдү өз-өзүнчө жаттабаңыз. Текст кылып, башкача айтканда сүйлөмдөп жаттоого аракет кылыңыз. Мисалы “strong wind”, бир сөздү эстегениңизде экинчи сөз өзү автоматтуу түрдө келет. 4. Сүйлөмдөрдү жазып жүрүүнүн жана аларды көп колдонуунун пайдасы зор. 5. Көргөн нерселериң