Найти в Дзене
Укмуш кабарлар

Тамак-аш даярдоодо кеңири тараган 5 ката (Кыргызстанда)

№ 1 ката: кайнатылган макаронду муздак сууга салуу

Биз көбүнчө буудайдын катуу сортунан жасалган макаронду тандайбыз. Эгер аларды көп өлчөмдөгү сууда капкагы жок кайнатса, эзилбейт. Макарон бири-бирине жабышып калбаш үчүн, ага анча чоң эмес ак майдын кесимин кошуп коюу керек, бирок аны жуунун кажети жок.

Кызыктуу факт: италиялык үй кожейкелер пастага арналган соусту даярдоо үчүн база катары ар дайым макарондун кайнатылган маңызын пайдаланып келишет. Ошондуктан, макарондун суусун аягына чейин агызбоого кеңеш беребиз.

№ 2 ката: Картошканы же башка жашылчаларды капкагы жок кайнатуу

Көпчүлүк үй кожейкелердин эң көп кетирген катасы – жашылчаларды капкагы жок кайнатуу. Эгер казанда кайнап жаткан жашылчалардын үстүн капкак менен жаап койсо, андагы баардык витаминдер менен пайдалуу касиеттери сакталат. Ошондой эле, даярдоо алда канча ылдамыраак болот.

№ 3 ката: кексти ысык түрүндө колдонуу

Кексти жылуу же муздак түрүндө колдонушат. Көпчүлүгүн экинчи күнү жеген жакшы. Анткени, даамдын назиктиги муздаган учурда гана сезилет. Мындан тышкары, ысык бышырылган азыктар тамак сиңирүү органына зыян келтирет.

№ 4 ката: Боорду дары катары колдонуу

Эгер боорду туура тандап даярдаса, аны дарылыкка арналган эт ингредиенти катары гана эмес, рахаттануу менен жесе болот. Боор гемоглобини төмөн адамдарга өзгөчө пайдалуу. Бирок, боордун жийиркеничтүү даамына жол бербеш үчүн, аны туура даярдоого байланыштуу кээ бир сырлары бар.

Уйдун боорун тандаңыз. Анткени, анын даамы доңуздун бооруна караганда даамдуу жана ширелүү. Боорду туура тазалоо керек: өт түтүгүн алып салыңыз, антпесе ачуу даам берип калат. Эң негизгиси: аны ашыра кармабаш керек! Калыңдыгы 1 см кем эмес бөлүктөргө бөлүңүз жана эки жагынан эки мүнөттөн көп куурубаңыз.

№ 5 ката: жумуртканы туздуу эмес сууда кайнатуу

Эмнеге деп сурашыңыз мүмкүн? Адатта жумуртканы азыктарга же жөнөкөй колдонууга арналган ингредиент катары колдонобуз. Бирок, майрамдарда жумуртканын жаракасы жок болуусун каалайбыз. Бул үчүн жумуртка кайнап жаткан сууга туз кошулат. Жумуртканы төмөн отто кайнатып, өтө узак кайнатууга болбойт экенин унутпаңыз.