Найти тему
Укмуш кабарлар

Крокодил той алдында колуктунун колун жулуп алды

Зимбабведе той алдында кайгылуу окуяга туш болгон колукту акыры никесин кыйдырды. Бул тууралуу Woman.ru сайты кабарлайт.

Кыз колун крокодил жулуп алганына карабай, той күнүн кийинкиге жылдырган эмес.

Занель Ндлову крокодилге талангандан кийин бир нече күн гана өтсө да, тоюна келет. 25 жаштагы кыз сүйүктүүсү менен дарыяда кайыкка олтурганда аларга капысынан крокодил тап берген.

Жигит Занелди крокодилден куткарып, жээкке алып чыгат. Бирок, крокодил ошол арада кыздын колун жулуп үлгүргөн. Дарыгерлер колуктунун тирүү калганына таң калышууда.